TGViewer
Channel Public Channel
OSHO

OSHO

@kgosho

@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Subscribers
59.1K
Photos
824
Videos
298
Links
4K
Recent Posts 20 shown
Post #4747 1.7K
🏛️ Жогорку Кеңештин 2031-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы даярдалууда



Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 2031-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы иштелип жатат.

📌 Документте мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, парламенттик көзөмөлдү күчөтүү, иш процесстерин санариптештирүү жана жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу каралууда.

⚖️ Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, алардын коомго тийгизген таасирин баалоо жана парламенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

💻 Стратегияда парламенттин ачыктыгын кеңейтүү, жарандардын жана эксперттердин катышуусун күчөтүү, инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу да каралат.

🤖 Буга чейин парламентти санариптештирүү боюнча иштер башталган. 2026-жылдын 4-июнунан тарта кабыл алынган мыйзамдар президенттин кол коюусуна электрондук форматта жөнөтүлө баштаган. Коомдук кабылдамада жарандардын кайрылууларын иштетүүдө ЖИ инструменттери колдонулууда.

Стратегияны Жогорку Кеңештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси жана БУУӨПтүн колдоосу менен иштеп жатат.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4746 2.97K
🏠 Кыргызстанда имараттардын энергия үнөмдүүлүгүнө жаңы талаптар даярдалууда



Кыргызстанда имараттардын энергия натыйжалуулугун жана жылуулук коргоосун жөнгө салган курулуш нормаларына өзгөртүүлөр даярдалды.

🌡️ Жаңы талаптарды иштеп чыгууда заманбап климаттык маалыматтар жана жылуулук энергиясын керектөөгө байланыштуу эл аралык стандарттар эске алынган.

🏗️ Өзгөртүүлөр имараттарды долбоорлоо жана куруудагы жылуулук коргоо талаптарын аныктаган эки документке тиешелүү:

КР СП 23-101:2013 — имараттардын жылуулук коргоосун долбоорлоо;
КР СНиП 23-01:2013 — курулуш жылуулук техникасы жана имараттардын жылуулук коргоосу.

📌 Документтер Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында даярдалууда.

Сунушталган өзгөртүүлөр колдоого алынып, кошумча сунуш-пикирлерди эске алуу менен мындан ары кароо жана макулдашуу үчүн жөнөтүлдү.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4745 4.18K
🏦 Кыргызстандын банктары санкцияга кабылган адамдардын жана уюмдардын бирдиктүү «кара тизмесин» түзүүдө



Кыргызстандын коммерциялык банктары санкцияга кабылган адамдарды жана уюмдарды камтыган бирдиктүү банктар аралык «кара тизме» түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.

📋 Тизме банктарга санкциядагы кардарларды аныктап, алардын Кыргызстандагы банк системасы аркылуу операция жүргүзүүсүн чектөөгө жардам берет.

🔎 Банктарда санкциялык комплаенс боюнча ички комитеттер да түзүлүүдө. Айрым каржы уюмдары санкцияларды айланып өтүүгө байланышкан операцияларды көзөмөлдөө үчүн директорлор кеңешинин курамын өзгөрткөн.

⚠️ Сыдыковдун айтымында, Кыргызстандагы санкциялык көзөмөлдө негизинен АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британиянын санкциялары да эске алынат.

💳 Ошондой эле банктарга төлөмдөрдү реалдуу убакытта көзөмөлдөө, товарлардын акыркы алуучусун жана жеткирүү өлкөсүн текшерүү тапшырылган.

❗️ Бирок «кара тизме» качан иштей баштай турганы, ага кайсы банктар кошулары жана кардарларды тизмеге киргизүү тартиби азырынча такталган эмес.

Министрдин билдиришинче, негизги максат — кыргызстандык банктарды жана компанияларды санкциялык тобокелдиктерден коргоо, ошондой эле өлкөгө инвестиция тартуу жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактоо.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4744 5.32K
🌬️ Өзбекстанда $2,6 млрдга дүйнөдөгү эң ири шамал электр станциясы курулууда



Өзбекстандын түндүк-батышында кубаттуулугу 1,5 ГВт болгон ири шамал электр станциясынын курулушу башталды.

💰 Долбоорго $2,6 млрд инвестиция жумшалат. Долбоор Сауд Аравиясынын ACWA Power компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

⚡ Курулуштун алкагында 1,5 миң чакырым жогорку чыңалуудагы электр линиялары тартылып, 3 жаңы көмөкчордону курулат. Алар өндүрүлгөн электр энергиясын бирдиктүү энергетикалык системага бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

🌍 Долбоор ишке киргенде аймактагы гана эмес, дүйнөдөгү эң ири шамал электр станциясы болот.

🔋 Ошол эле аймакта жалпы кубаттуулугу 300 МВт болгон эки шамал станциясы жана энергия топтоо системасы да ишке берилди.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги жаңы объектилер электр энергиясына өсүп жаткан суроо-талапты жабууга жана кошумча инвестиция тартууга жардам берерин билдирди.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4743 6.59K
🇰🇬🇷🇺 Кыргызстан Россиядан жер семирткич импортун 2 эсеге жакын көбөйттү



Кыргызстан 2026-жылдын январь–июнь айларында Россиядан жер семирткич импортун үчтөн экиге көбөйткөн.

📈 Алты айда Россиядан $20,3 млн суммага жер семирткич сатып алынган. Жалпы импорт да 26% өскөн, ал эми Россиянын үлүшү 40%дан 50%га жеткен.

🌱 Эң көп азоттук жер семирткичтер импорттолгон — $13,6 млн. Аралаш жер семирткичтер — $6,4 млн, калий жер семирткичтери — $181,6 миң.

🌍 Кыргызстанга жер семирткич жеткирген ири өлкөлөрдүн катарына Россиядан тышкары Өзбекстан — $15,8 млн, Казакстан — $2,3 млн, Түркия — $365,1 миң жана Испания — $297,3 миң кирди.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4742 7.8K
🚗 Кыргызстан менен Беларусия айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт



Беларусь өкмөтү Кыргызстан менен айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди бекитти.

📄 Келишимге 2026-жылдын 5-июнунда Бишкекте Беларусь премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кол коюлган.

🇰🇬🇧🇾 Эми эки өлкөнүн тиешелүү органдары берген улуттук айдоочулук күбөлүктөр өз ара таанылат.

🔄 Ошондой эле жарандар теориялык жана практикалык экзамен тапшырбастан айдоочулук күбөлүгүн алмаштыра алышат.

⚠️ Бирок бул мүмкүнчүлүк туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин гана берилет. Бул жаңылык Беларусияга узак мөөнөткө көчүп же иштегени барган кыргызстандыктар үчүн маанилүү.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4741 8.96K
🏛️ Кимдер мамлекеттик кызматка сынаксыз өтө алат? — Президент жаңы жарлыкка кол койду



Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

📌 Сынаксыз, жеке арызы менен кадрлар резервине төмөнкү жарандар киргизилиши мүмкүн:

♿️ квалификациялык талаптарга жооп берген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар;

🎓 «Акылман» лицейин кесиптик билим алуу менен аяктагандар;

🌍 «Эл умүтү» программасы боюнча чет өлкөлүк ЖОЖдорду бүтүргөндөр;

🏅 Кыргызстандагы өзгөчө статустагы ЖОЖдорду артыкчылык диплому менен аяктагандар.

Бардык талапкерлер тиешелүү кызматтардын квалификациялык талаптарына жооп бериши керек.

💻 Мамлекеттик кызматтагы сынактарга арыздар эми e-Kyzmat порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук документтер менен берилет. Арыз кабыл алуу мөөнөтү кеминде 10 календардык күн болот.

🔎 Талапкерлер тууралуу маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалар жана зарыл учурда ИИМ аркылуу текшерилет.

🔄 Өзгөчө тартипте сынаксыз дайындалган кызматкерлер кадрлар резервине конкурс аркылуу гана кире алышат. Аларды, негизинен, кызматта кеминде 1 жыл иштегенден кийин ротациялоого болот.

📅 Жарлык 7 күндөн кийин күчүнө кирет.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4740 10.2K
🏇 Казанда 2028-жылкы Көчмөндөр оюндарынын долбоору тааныштырылды



Казанда «Көчмөндөр оюндары» долбоорунун алгачкы презентациясы өттү. 2028-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүү пландалууда.

🇷🇺 Татарстан бийлиги мелдештер улуттук спорт түрлөрүн жана элдердин маданий мурасын жайылтуучу чоң аянтча болорун белгиледи.

🏆 Татарстан спорт министри Владимир Леоновдун айтымында, аймак буга чейин мындай масштабдагы комплекстүү мелдеш өткөргөн эмес. Ошондуктан даярдыкка мүмкүн болушунча көп катышуучуларды тартуу маанилүү.

📋 Эми уюштуруу комитеттери түзүлүп, мелдештердин программасы иштелип чыгат. Оюндарды Татарстандагы бир нече локацияда өткөрүү пландалууда.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4739 16.2K
👵🏻 Кыргызстанда пенсионерлер көбөйүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр азайууда



Кыргызстанда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөрдүн саны азайып, пенсионерлердин саны өсүүдө. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов Соцфонддун 2025-жылдагы отчётун жана Эсеп палатасынын аудитин талдап жатып билдирди.

📉 Бир жыл ичинде төгүм төлөгөндөрдүн саны дээрлик 98 миңге азайып, 1 млн 464 миң адамды түзгөн.

👴🏻 Ал эми пенсионерлердин саны 816,6 миңге жеткен. Натыйжада азыр бир пенсионерге 1,8 гана төгүм төлөөчү туура келет.

💰 Депутат мындай тенденция улана берсе, пенсиялык системага жана мамлекеттик бюджетке түшкөн жүк көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.

📊 Ошондой эле 2025-жылы орточо пенсия 6,1% өскөнү менен, Эсеп палатасынын баалоосунда анын реалдуу сатып алуу жөндөмү болжол менен 2% төмөндөгөн.

📌 Бекешов Соцфондго Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүүнү жана Эсеп палатасы көрсөткөн кемчиликтерди жоюуну сунуштады.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4738 13.9K
📚 Кыргызстанда мектеп окуучулары ишемби күндөрү да окуй баштады



1-сентябрдан 15-сентябрга жылдырылган Биринчи коңгуроонун ордун толтуруу үчүн 6–11-класстын окуучулары бүгүн биринчи жолу ишембиде окуп жатышат.

📅 Окуу жылынын ичинде жалпысынан 8 кошумча ишемби окуу күнү катары белгиленген. Бирок алардын так графигин Билим берүү министрлиги эмес, мектептер жана райондук билим берүү бөлүмдөрү өздөрү аныктайт.

👧🏻 1–5-класстар мурдагыдай эле беш күндүк окуу режиминде калат.

🎓 Окуу жылынын аягы өзгөрбөйт — 25-майда бүтөт.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4737 14K
🐟 Кыргызстан менен Россия балык чарбасында биргелешкен ишканаларды түзүүнү пландоодо



Кыргызстан менен Россия балык чарбасында биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча макулдашууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Санкт-Петербургда өткөн жолугушууда айтылды.

🤝 Жолугушуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Россиянын вице-премьер-министри Дмитрий Патрушевдин ортосунда өттү.

📈 2025-жылы Кыргызстан менен Россиянын айыл чарба жана кайра иштетилген продукция боюнча соода жүгүртүүсү $652,3 млн түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу $88,5 млн өскөн.

🏭 Тараптар кадимки соодадан биргелешкен өндүрүшкө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Балыкты кайра иштетүүчү ишканаларды, логистиканы өнүктүрүү жана заманбап таңгактоону киргизүү маселелери талкууланды.

🇰🇬 Эрлист Акунбеков балык чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана кыргызстандык товарларды Россиянын рыногуна чыгарууну кеңейтүү боюнча жаңы долбоорлорду сунуштады.

📋 Жыйынтыгында балык чарбасындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен жол карталарын даярдоо чечими кабыл алынды. Россия тарап сунуштарды практикалык жактан ишке ашырууга даяр экенин билдирди.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4736 16.3K
🏦 Кыргызстандын банктары санкцияга кабылган компаниялардын бирдиктүү «кара тизмесин» түзүүдө



Кыргызстандын банктары санкцияга кабылган компаниялар үчүн бирдиктүү банктар аралык кара тизме түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

📋 Тизменин негизги максаты — санкциядагы компаниялардын Кыргызстандын банк системасы аркылуу операция жүргүзүүсүнө жол бербөө.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри, санкция саясаты боюнча президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыков билдирди.

🔎 Кыргызстан санкцияларды айланып өтүүгө аракет кылган компанияларды эрте аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу механизмдерин күчөтүп жатат.

🏦 Коммерциялык банктарда санкциялык көзөмөл боюнча ички комитеттер түзүлүп, айрым банктар директорлор кеңешинин курамын да өзгөрткөн.

⚠️ Министрдин айтымында, азыркы система негизинен мыйзам бузуу аныкталгандан кийин чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эми Кыргызстан шектүү операцияларды алдын ала аныктап, санкцияларды айланып өтүүгө жол бербеген системага өтүүнү көздөп жатат.

🛡️ Бирдиктүү банктар аралык «кара тизме» ушул комплекстүү көзөмөл системасынын негизги элементтеринин бири болмокчу.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4735 15.3K
🇰🇬🇺🇸 Садыр Жапаров АКШга иш сапары менен барды



Президент Садыр Жапаров АКШнын Юта штатына иш сапары менен барды. Аны Солт-Лейк-Сити аэропортунан Юта Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды.

🤝 Сапардын алкагында Жапаров штаттын жетекчилиги менен жолугушуп, туризм жана туруктуу тоо өнүктүрүү тармагындагы америкалык тажрыйба менен таанышат.

🇺🇳 Андан соң президент Нью-Йоркко барып, БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгындагы иш-чараларга катышат.

🌍 Ошондой эле Жапаров бир катар мамлекеттердин башчылары жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4733 16.2K
🏫 Бишкекте айрым окуучулар эмне үчүн 4 нөөмөттө окуп жатат?



Бишкектин «Ак-Ордо» конушундагы №104 мектепте окуучулар 4 нөөмөттө билим алып жатканы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Айрым параллелдерде класстардын саны «А»дан «Ф»ке чейин жетет.

📚 Мектепте учурда 119 класс-комплектте 4,2 миңден ашуун окуучу билим алат. Ал эми имараттын долбоордук кубаттуулугу болгону 750 окуучуга эсептелген.

⏰ Окуу тартиби:
🔹 1–2-класстар — 4 нөөмөт, сабак 40 мүнөт;
🔹 3–4-класстар — 3 нөөмөт, сабак 45 мүнөт;
🔹 5–11-класстар — 2 нөөмөт, сабак 45 мүнөт.

🏗️ Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, бул убактылуу чара. Мектептин жанында экинчи корпус курулуп жатат. Ал пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар үчүн орундар көбөйүп, окуу тартиби кайра каралат.

👨‍👩‍👧‍👦 Мектептеги окуучулардын баары «Ак-Ордо» конушунун тургундары. Калктын жана мектеп жашындагы балдары бар үй-бүлөлөрдүн санынын көбөйүшү окуучулардын кескин өсүшүнө себеп болгон.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4732 14.3K
🌍 БУУ: Кийинки пандемияга азыртадан даярдануу керек



БУУ кийинки пандемиянын качан болорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес, ошондуктан дүйнө өлкөлөрүн ага азыртадан даярдык көрүүгө чакырууда.

🦠 25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйыны өтүп, пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ыкчам чара көрүү маселелери талкууланат.

🏥 Негизги багыттар:
🔹 саламаттык сактоо системаларын чыңдоо;
🔹 эрте эскертүү жана эпидемиологиялык көзөмөлдү жакшыртуу;
🔹 маалымат жана илимий изилдөөлөр менен алмашуу;
🔹 вакцинага, диагностикага жана дарылоого тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
🔹 эл аралык кызматташтыкты күчөтүү.

🐾 БУУнун маалыматына ылайык, жаңы инфекциялык оорулардын 60%дан ашыгы жаныбарлардан адамдарга жугат. Ошондуктан адамдын, жаныбардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгын бирдиктүү система катары кароо зарыл.

💉 COVID-19 пандемиясы вакциналарга, тесттерге жана дарылоого жеткиликтүүлүктөгү чоң айырмачылыктарды көрсөткөн.

📜 2025-жылдын май айында ДСУ пандемияларга каршы тарыхый глобалдык келишимди кабыл алган. Эми аны ишке ашыруу үчүн патогендерге жетүү жана алардан алынган пайдаларды бөлүшүү боюнча кошумча механизмдерди макулдашуу керек.

⚠️ БУУ белгилегендей, пандемияга даярдык ооруканалар толуп калганда эмес, азыр башталышы керек.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4731 13.9K
🛂 Кыргызстанда качкын статусун берүү эрежелерин өзгөртүү сунушталды



Кыргызстанда качкын деп таануу тууралуу арыздарды каттоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдады.

📌 Арызды каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
🔹 адамга мурда качкын статусун берүүдөн баш тартылып, жаңы жагдайлар пайда болбосо;
🔹 Кыргызстанда оор кылмыш үчүн соттолгон болсо;
🔹 мурда качкын статусун алып, өз каалоосу менен мекенине кайтып кеткен же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого кеткен болсо;
🔹 Кыргызстанга келгенге чейин башка мамлекетте саясий эмес мүнөздөгү оор кылмыш жасаган деп эсептөөгө олуттуу негиз болсо.

📊 Министрликтин маалыматына караганда, 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи жарымына чейин мурда баш тартылган адамдардан кайрадан болжол менен 160 арыз түшкөн.

⏳ Долбоор боюнча башпаанек издеген адамдын арызы 14 жумушчу күндүн ичинде катталышы керек.

👨‍👩‍👧‍👦 Ошондой эле үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө, жашына карабастан, өзүнчө качкын күбөлүгүн берүү сунушталууда.

⚠️ Күбөлүктүн мөөнөтү бүткөндөн кийин адам 1 жыл ичинде аны узартуу үчүн кайрылбаса, качкын статусун жокко чыгаруу каралууда.

🇰🇬 2025-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн келген 164 адам качкын статусуна ээ.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4730 16.2K
🔐 «Учкунда» мамлекеттик маанидеги документтерди чыгарууда үч баскычтуу көзөмөл бар


«Учкун» ААКсында паспорт, ID-карта сыяктуу мамлекеттик маанидеги документтерди чыгарууда үч баскычтуу коопсуздук көзөмөлү жүргүзүлөт.

👮‍♂️ Ишкананын тышкы аймагында көзөмөлдү:
🔹 ИИМдин күзөт кызматы;
🔹 «Учкун» ААКсынын коопсуздук кызматы;
🔹 улуттук коопсуздук органдары жүргүзөт.

📹 Кирип-чыгууда жарандар текшерилип, атайын сканерлер колдонулат. Телефон, электрондук түзмөктөр, электрондук тамеки, зажигалка жана башка буюмдар сыртта калтырылат.

🪪 Мамлекеттик документтер даярдалган цехтерде кошумча күзөт, видео жана фотофиксация, сканерлөөчү жабдуулар бар. Жеке буюмдарды жана сумкаларды бул цехтерге киргизүүгө болбойт.

🚚 Даяр паспорттор жана ID-карталар тиешелүү кызматтын коштоосунда жеткирилет. Жүктөлгөн учурдан тартып заказчыга өткөрүп берилгенге чейин видеофиксация жүргүзүлөт.

📌 «Учкун» ААКсы Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мекеме жана мамлекеттик буйрутмаларды аткарган негизги ишканалардын бири.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4729 16.1K
🗿 Ала-Тоо аянтынан алынган Манастын эстелиги Токтогулга өткөрүлүп берилиши мүмкүн



Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан алынган «Айкөл Манас» эстелигин Токтогул районунун мамлекеттик менчигине акысыз өткөрүп берүү сунушталууда.

📌 Тиешелүү токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна даярдалды.

🏛️ Токтогул райондук администрациясы эстеликти өткөрүп берүүнү туризмди өнүктүрүү, улуттук мурасты жайылтуу жана жаштарды тарыхый-маданий баалуулуктар менен тааныштыруу максатында сураган.

💰 Эстеликтин баланстык баасы — 15 млн 36 миң 663,71 сом. Документте анын Токтогулда так кайсы жерге орнотулары азырынча көрсөтүлгөн эмес.

📋 Долбоор жактырылса, мэрия эстеликти өткөрүп берүүнү расмий каттап, муниципалдык мүлк реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Бул чечим жергиликтүү бюджеттен кошумча чыгым талап кылбайт.

📜 «Айкөл Манас» эстелиги Ала-Тоо аянтында 2011-жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата ачылган. Ал 2025-жылдын 17-январында алынган. власти ошол учурда эстеликти жана постаментти реконструкциялоо иштерине байланыштуу экенин билдиришкен.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4728 16.5K
📡 Кыргызстанда телеком-операторлорду лицензиялоо эрежелерин өзгөртүү сунушталды



Санариптик өнүктүрүү министрлиги телекоммуникация операторлорун лицензиялоо менен радио жыштыктарды бөлүштүрүүнү өз-өзүнчө жөнгө салууну сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

📋 Долбоордо эки өзүнчө жобону бекитүү каралган:
🔹 телекоммуникация операторлорун лицензиялоо тартиби;
🔹 радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна соода өткөрүү эрежелери.

📶 Радио жыштыктарды конкурс же онлайн-аукцион аркылуу бөлүштүрүү сунушталууда. Инвестициялык долбоорлордун социалдык-экономикалык мааниси бааланса — конкурс, башка учурларда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болгон онлайн-аукцион өткөрүлөт.

⚖️ Жаңы эрежелер лицензия берүү, кайра каттоо, токтотуу жана жокко чыгаруу тартибин, ошондой эле радио жыштыктарды пайдаланууга уруксат берүү талаптарын аныктайт.

🛰️ Мындан тышкары, геостационардык эмес спутниктик системаларды пайдаланган операторлор үчүн өзүнчө талаптар киргизилет.

Министрликтин маалыматына караганда, өзгөртүүлөр мыйзамдардагы боштуктарды жоюп, айрым процедураларды жөнөкөйлөтүп жана лицензия алууда катышуучулар үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Post #4727 14.6K
🚛 Кыргызстан Ирак менен эл аралык жүк ташуу боюнча келишим даярдап жатат



Кыргызстан менен Ирактын ортосунда эл аралык автомобиль ташууларын жөнгө салган эки тараптуу келишим түзүлүшү мүмкүн.

🤝 Бул тууралуу Транспорт министрлигинин өкүлдөрү Ирактын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жабер Аль-Темими менен жолугушууда талкуулашты.

📄 Учурда эки өлкөнүн ортосунда мындай келишим жок. Кыргызстан тиешелүү келишимдин долбоорун даярдап, Ирак тарапка кароого жөнөткөн. Тараптар анын мүмкүн болушунча тез күчүнө киришине кызыкдар.

🌍 Ошондой эле Кыргызстан менен Иракты Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу байланыштырган эл аралык транспорттук каттамдарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

🛂 Виза маселеси да көтөрүлдү. Учурда кыргызстандык жүк ташуучулар визаны Астанадан алышат. Кыргызстан эл аралык жүк ташуучу айдоочуларга 1 жылдык көп жолку виза берүүнү сунуштады.

📦 Тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты күчөтүп, эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык жүк ташууларды кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Older posts →

About this channel

How can I read @kgosho without a Telegram account?
TGViewer shows the public web preview Telegram publishes for OSHO: recent posts, photos, videos and the subscriber count, with no app, login or account.
How many subscribers does OSHO have?
OSHO (@kgosho) has 59.1K subscribers on Telegram, refreshed roughly every 30 minutes.
Does OSHO know I viewed it here?
No. Public channel previews carry no viewer identity, and TGViewer has no accounts or tracking of what you look up.
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →