TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.1K subscribers
Post #4739 16.2K
👵🏻 Кыргызстанда пенсионерлер көбөйүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр азайууда



Кыргызстанда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөрдүн саны азайып, пенсионерлердин саны өсүүдө. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов Соцфонддун 2025-жылдагы отчётун жана Эсеп палатасынын аудитин талдап жатып билдирди.

📉 Бир жыл ичинде төгүм төлөгөндөрдүн саны дээрлик 98 миңге азайып, 1 млн 464 миң адамды түзгөн.

👴🏻 Ал эми пенсионерлердин саны 816,6 миңге жеткен. Натыйжада азыр бир пенсионерге 1,8 гана төгүм төлөөчү туура келет.

💰 Депутат мындай тенденция улана берсе, пенсиялык системага жана мамлекеттик бюджетке түшкөн жүк көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.

📊 Ошондой эле 2025-жылы орточо пенсия 6,1% өскөнү менен, Эсеп палатасынын баалоосунда анын реалдуу сатып алуу жөндөмү болжол менен 2% төмөндөгөн.

📌 Бекешов Соцфондго Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүүнү жана Эсеп палатасы көрсөткөн кемчиликтерди жоюуну сунуштады.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 21, 2026🏛️ Жогорку Кеңештин 2031-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы даярдалууда Кыргызстанда Жогорк…
  2. Sep 21, 2026🏠 Кыргызстанда имараттардын энергия үнөмдүүлүгүнө жаңы талаптар даярдалууда Кыргызстанда…
  3. Sep 21, 2026🏦 Кыргызстандын банктары санкцияга кабылган адамдардын жана уюмдардын бирдиктүү «кара тиз…
  4. Sep 21, 2026🌬️ Өзбекстанда $2,6 млрдга дүйнөдөгү эң ири шамал электр станциясы курулууда Өзбекстандын…
  5. Sep 21, 2026🇰🇬🇷🇺 Кыргызстан Россиядан жер семирткич импортун 2 эсеге жакын көбөйттү Кыргызстан 202…
  6. Sep 21, 2026🚗 Кыргызстан менен Беларусия айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт Беларусь өкмөтү Кыргы…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →