TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.1K subscribers
Post #4747 6.08K
🏛️ Жогорку Кеңештин 2031-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы даярдалууда



Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 2031-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы иштелип жатат.

📌 Документте мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, парламенттик көзөмөлдү күчөтүү, иш процесстерин санариптештирүү жана жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу каралууда.

⚖️ Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, алардын коомго тийгизген таасирин баалоо жана парламенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

💻 Стратегияда парламенттин ачыктыгын кеңейтүү, жарандардын жана эксперттердин катышуусун күчөтүү, инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу да каралат.

🤖 Буга чейин парламентти санариптештирүү боюнча иштер башталган. 2026-жылдын 4-июнунан тарта кабыл алынган мыйзамдар президенттин кол коюусуна электрондук форматта жөнөтүлө баштаган. Коомдук кабылдамада жарандардын кайрылууларын иштетүүдө ЖИ инструменттери колдонулууда.

Стратегияны Жогорку Кеңештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси жана БУУӨПтүн колдоосу менен иштеп жатат.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 21, 2026🏠 Кыргызстанда имараттардын энергия үнөмдүүлүгүнө жаңы талаптар даярдалууда Кыргызстанда…
  2. Sep 21, 2026🏦 Кыргызстандын банктары санкцияга кабылган адамдардын жана уюмдардын бирдиктүү «кара тиз…
  3. Sep 21, 2026🌬️ Өзбекстанда $2,6 млрдга дүйнөдөгү эң ири шамал электр станциясы курулууда Өзбекстандын…
  4. Sep 21, 2026🇰🇬🇷🇺 Кыргызстан Россиядан жер семирткич импортун 2 эсеге жакын көбөйттү Кыргызстан 202…
  5. Sep 21, 2026🚗 Кыргызстан менен Беларусия айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт Беларусь өкмөтү Кыргы…
  6. Sep 21, 2026🏛️ Кимдер мамлекеттик кызматка сынаксыз өтө алат? — Президент жаңы жарлыкка кол койду Пре…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →