🏛️ Кимдер мамлекеттик кызматка сынаксыз өтө алат? — Президент жаңы жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
📌 Сынаксыз, жеке арызы менен кадрлар резервине төмөнкү жарандар киргизилиши мүмкүн:
♿️ квалификациялык талаптарга жооп берген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар;
🎓 «Акылман» лицейин кесиптик билим алуу менен аяктагандар;
🌍 «Эл умүтү» программасы боюнча чет өлкөлүк ЖОЖдорду бүтүргөндөр;
🏅 Кыргызстандагы өзгөчө статустагы ЖОЖдорду артыкчылык диплому менен аяктагандар.
Бардык талапкерлер тиешелүү кызматтардын квалификациялык талаптарына жооп бериши керек.
💻 Мамлекеттик кызматтагы сынактарга арыздар эми e-Kyzmat порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук документтер менен берилет. Арыз кабыл алуу мөөнөтү кеминде 10 календардык күн болот.
🔎 Талапкерлер тууралуу маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалар жана зарыл учурда ИИМ аркылуу текшерилет.
🔄 Өзгөчө тартипте сынаксыз дайындалган кызматкерлер кадрлар резервине конкурс аркылуу гана кире алышат. Аларды, негизинен, кызматта кеминде 1 жыл иштегенден кийин ротациялоого болот.
📅 Жарлык 7 күндөн кийин күчүнө кирет.
@kgosho Билип жаша!
Post #4741
3.9K