TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4727 14.7K
🚛 Кыргызстан Ирак менен эл аралык жүк ташуу боюнча келишим даярдап жатат



Кыргызстан менен Ирактын ортосунда эл аралык автомобиль ташууларын жөнгө салган эки тараптуу келишим түзүлүшү мүмкүн.

🤝 Бул тууралуу Транспорт министрлигинин өкүлдөрү Ирактын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жабер Аль-Темими менен жолугушууда талкуулашты.

📄 Учурда эки өлкөнүн ортосунда мындай келишим жок. Кыргызстан тиешелүү келишимдин долбоорун даярдап, Ирак тарапка кароого жөнөткөн. Тараптар анын мүмкүн болушунча тез күчүнө киришине кызыкдар.

🌍 Ошондой эле Кыргызстан менен Иракты Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу байланыштырган эл аралык транспорттук каттамдарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

🛂 Виза маселеси да көтөрүлдү. Учурда кыргызстандык жүк ташуучулар визаны Астанадан алышат. Кыргызстан эл аралык жүк ташуучу айдоочуларга 1 жылдык көп жолку виза берүүнү сунуштады.

📦 Тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты күчөтүп, эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык жүк ташууларды кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 30, 2026🗳️ Президенттикке талапкерлердин жарандыгы, соттуулугу жана тил билүүсү текшерилет Кыргыз…
  2. Sep 30, 2026🥔 Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга токтотуу сунушталды Кыргызстанда картошка импо…
  3. Sep 30, 2026👨‍👩‍👧 Жашы жете электердин чет өлкөгө чыгышын жөнгө салган мыйзам долбоору четке кагылд…
  4. Sep 30, 2026👵 Кыргызстанда калктын 6%ын 65 жаштан жогорку адамдар түзөт Кыргызстанда 65 жаштан жогорк…
  5. Sep 30, 2026🏗️ Кыргызстанда ири инвесторлорго мамлекеттик жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюуга урук…
  6. Sep 30, 2026🧵 Маркетплейстеги сатуучулар менен тигүүчүлөрдү бирдиктүү салыктан убактылуу бошотуу суну…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →