👵 Кыргызстанда калктын 6%ын 65 жаштан жогорку адамдар түзөт
Кыргызстанда 65 жаштан жогорку жарандардын саны калктын болжол менен 6%ына жетет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматы айтылды.
📊 Калктын жаш курактык түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу улуу муундагы адамдардын ден соолугун, өз алдынчалыгын жана коомдук активдүүлүгүн сактоого шарт түзүү маанилүү экени белгиленди.
🏛️ Эмгек министрлиги 2030-жылга чейин активдүү узак жашоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыкты.
Программа гериатрия жана геронтология багыттарын өнүктүрүү, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу жана алардын коомдук жана эмгектик активдүүлүгүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү камтыйт.
@kgosho Билип жаша!
Post #4813
6.12K