TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.9K subscribers
Post #4814 16.1K
👨‍👩‍👧 Жашы жете электердин чет өлкөгө чыгышын жөнгө салган мыйзам долбоору четке кагылды



Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети жашы жете элек балдардын чет өлкөгө чыгуусун жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун четке какты.

Долбоордо айрым учурларда баланы экинчи ата-эненин нотариалдык макулдугусуз убактылуу чет өлкөгө чыгарууга уруксат берүү сунушталган. Мисалы:

🔹 дарылануу үчүн;
🔹 мектеп олимпиадаларына;
🔹 спорттук, маданий жана билим берүү иш-чараларына катышуу үчүн.

Мындай учурда ата-энелердин биринин нотариалдык макулдугу жана баланы коштоп бара жаткан адамдын аны белгиленген мөөнөттө Кыргызстанга кайтаруу милдеттенмеси талап кылынмак.

⏳ Ошондой эле экинчи ата-эне баланы багуудан качкан учурда баланы 3 айга чейин чет өлкөгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралган.

⚖️ Депутаттар мыйзам долбоорунда техникалык каталар жана так эмес нормалар бар экенин белгилешти. Атап айтканда, баланы өз убагында кайтарбаган адамдардын жоопкерчилиги так жазылган эмес.

Мындан тышкары, баланын чет өлкөгө чыгууда пикирин эске алуу боюнча 10 жана 14 жаш деген эки башка ченем көрсөтүлгөнү айтылды.

Комитеттин мүчөлөрү документти сын-пикирлерди эске алуу менен кайра иштеп чыгууну Юстиция министрлигине сунушташты.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 1, 2026🦖 Окумуштуулар төрт канаттуу динозаврдын жаңы түрүн табышты Палеонтологдор кичинекей дино…
  2. Oct 1, 2026🏗️ Кыргызстанда жыл башынан бери курулушка 280 млрд сомдон ашык инвестиция салынды 2026-ж…
  3. Oct 1, 2026🗳️ БШК эл аралык байкоочуларды жайгаштырууга 5,5 млн сомго жакын каражат бөлөт Кыргызстан…
  4. Oct 1, 2026🚗 Катуу үн чыгарган унааларга айып пул салынып, айдоого тыюу салынат Кыргызстанда өтө кат…
  5. Oct 1, 2026💸 Ар бир он кыргызстандыктын алтоосу каржылык стресске кабылган Кыргызстанда калктын карж…
  6. Oct 1, 2026🇷🇺 Кремль: Россияда саясий камалгандар жок Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитри…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →