🗳️ БШК эл аралык байкоочуларды жайгаштырууга 5,5 млн сомго жакын каражат бөлөт
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочуларды жайгаштыруу кызматын сатып алууга тендер жарыялады.
💰 Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул максатка 5 млн 482,5 миң сом каралган.
🏨 Байкоочулар үчүн кеминде 5 жылдыздуу мейманкана тандалат. Ал Фрунзе — Ибраимова — Горький — Исанов көчөлөрүнүн чегинде жайгашышы керек.
Жалпы 60 бөлмө талап кылынат:
• 25 стандарттык бир кишилик бөлмө;
• 20 жарым люкс;
• 15 люкс.
📅 Жашоо мөөнөтү — 2027-жылдын 25–28-январы. Мындан тышкары, 60 адамга түшкү тамак жана кофе-брейк уюштурулат.
Сунуштарды берүү мөөнөтү 7-октябрда аяктайт.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
@kgosho Билип жаша!
Post #4824
15.7K