🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө кирди
2026-жылдын 1-октябрынан тартып Россияда патенттин негизинде иштеген чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердиги тууралуу МВДга билдирүү тартиби өзгөрдү.
Талаптар иш берүүчүнүн статусуна жараша болот:
👤 Эгер мигрант жеке адамда иштесе, патент алган күндөн тартып 2 айдын ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органына билдирүүнү өзү тапшырышы керек.
🏢 Юридикалык жакта иштегендер боюнча эмгек келишимин түзүү же токтотуу тууралуу билдирүүнү иш берүүчү 3 күндүн ичинде МВДга берүүгө милдеттүү.
⚠️ Чет өлкөлүк кызматкердин иштен бошотулгандыгы тууралуу өз убагында билдирбеген иш берүүчүгө 800 миң рублга чейин айып пул салынышы же ишмердиги 90 күнгө чейин токтотулушу мүмкүн.
📱 Иш берүүчүлөргө билдирүүнү «Госуслуги» порталы аркылуу тапшыруу сунушталууда.
@kgosho Билип жаша!
Post #4831
14.1K