🇰🇬 Баткен жана Ош облустарында 11 жаңы айыл түзүү сунушталды
Кыргызстанда Баткен жана Ош облустарындагы 11 калктуу конушка айыл статусун берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
📍 Баткен районунда:
• Бакай
• Алты-Адыр
• Орто-Сай
📍 Ош облусунда:
• Араван районунда: Ак-Босого, Биримдик, Достук, Жаштык, Ынтымак
• Кара-Суу районунда: Манас, Ожор
• Алай районунда: Жаңы-Алай айыл аймагындагы Мады участогун өзүнчө айыл кылып, Алымбек-Датка деп атоо сунушталууда.
Айыл статусун алуу үчүн калктуу конушта кеминде 50 адам жашашы жана жашоого керектүү инфраструктура болушу керек. Тургундардын кеминде жарымы айыл чарбасында иштегендер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болушу зарыл.
Жаңы айылдар өзүнчө административдик-аймактык бирдик болуп, тургундар ошол айылда расмий каттоого туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, өз алдынча статус жергиликтүү коомчулуктарга инвестиция тартууга жана ар кандай долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.
📌 Сунушту жергиликтүү тургундардын жыйындары, кеңештер, райондук администрациялар жана президенттин Баткендеги жана Ош облусундагы өкүлдөрү колдогон. 30-сентябрда сунуш Министрлер кабинетинин алдындагы ведомстволор аралык комиссия тарабынан да жактырылган.
💰 Мыйзам долбоору республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылбайт. Чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
@kgosho Билип жаша!
Post #4829
11.8K