TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.9K subscribers
Post #4830 13.8K
🚗 «Түндүк» тиркемесинде айдоочулук күбөлүк боюнча кызматтар убактылуу жеткиликсиз



«Түндүк» мобилдик тиркемесинде айдоочулук күбөлүккө байланыштуу электрондук кызматтарга арыз кабыл алуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.

⏰ Чектөө 1-октябрь саат 12:30дан 3-октябрь саат 12:30га чейин созулат. Себеби — системаны жаңыртуу жана жаңы электрондук кызматтарды ишке киргизүү.

Убактылуу жеткиликсиз кызматтар:

• айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алуу;
• жоголгон күбөлүктү алмаштыруу;
• айдоо укугунан ажыратуу мөөнөтү бүткөндөн кийин күбөлүктү кайтарып алуу;
• кайра даярдоодон өткөндөн кийин жаңы категория алуу;
• убактылуу айдоочулук күбөлүк алуу.

📌 Кызматтар кийинки жуманын башында кайра иштей баштайт деп күтүлүүдө. Жеткиликтүүлүк калыбына келтирилгенде кошумча маалымат берилет.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 3, 2026🇺🇿 Өзбекстанда балдарды зордуктагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилди Өзбекс…
  2. Oct 3, 2026🥔 Айыл чарба министрлиги картошка импортун 2027-жылдын 1-мартына чейин чектөөнү сунуштады…
  3. Oct 2, 2026🛰️🇰🇬 Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды Президент Садыр Жапаров…
  4. Oct 2, 2026🇺🇸🇮🇶 Пентагон Ирактагы 12 жылдык антитеррордук операциянын аяктаганын жарыялады АКШнын…
  5. Oct 2, 2026🏠 МИКке 35 млрд сомдук насыяларды реструктуризациялоо сунушталды Жогорку Кеңештин Финансы…
  6. Oct 2, 2026🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →