TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.9K subscribers
Post #4836 4.24K
🇺🇿 Өзбекстанда балдарды зордуктагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилди



Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенаты 14 жашка чейинки балдарга карата сексуалдык кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштырган мыйзамды жактырды.

⚖️ 14 жашка чыга элек баланы зордуктоо, ошондой эле ага карата сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук үчүн 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу каралды.

Мыйзам боюнча балдардын сексуалдык кол тийбестигине каршы өзгөчө оор кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. Эгер кылмыш баланын өлүмүнө алып келсе, шарттуу жаза же мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу колдонулбайт.

👧🏻 Жабыркаган жашы жете элек балдарга процесстин биринчи этабынан тартып акысыз квалификациялуу юридикалык жардам берилет. Зомбулукка кабылган баланы суракка алуу милдеттүү түрдө видеого жаздырылат.

Эгер кылмышкер баланын үй-бүлө мүчөсү же жакын тууганы болсо, процесстик аракеттерге камкордук жана көзөмөл органынын өкүлү милдеттүү түрдө катышат.

Мындан тышкары, балдарга карата зомбулук жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган билим берүү мекемесинин кызматкерин иштен бошотууга укук берилет.

📌 Мыйзам Наманган облусундагы бала бакчада 5 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү боюнча кылмыш иши козголгондон кийин кабыл алынды. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, шектүү бала бакчанын кампасынын башчысы болуп, ал камакка алынган.

Буга чейин Өзбекстандын президентинин администрациясынын башчысы Саида Мирзиёева педофилдер үчүн өлүм жазасын киргизүүнү колдогон билдирүү жасаган.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 3, 2026🥔 Айыл чарба министрлиги картошка импортун 2027-жылдын 1-мартына чейин чектөөнү сунуштады…
  2. Oct 2, 2026🛰️🇰🇬 Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды Президент Садыр Жапаров…
  3. Oct 2, 2026🇺🇸🇮🇶 Пентагон Ирактагы 12 жылдык антитеррордук операциянын аяктаганын жарыялады АКШнын…
  4. Oct 2, 2026🏠 МИКке 35 млрд сомдук насыяларды реструктуризациялоо сунушталды Жогорку Кеңештин Финансы…
  5. Oct 2, 2026🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө…
  6. Oct 2, 2026🚗 «Түндүк» тиркемесинде айдоочулук күбөлүк боюнча кызматтар убактылуу жеткиликсиз «Түндүк…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →