TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.8K subscribers
Post #4833 16.5K
🇺🇸🇮🇶 Пентагон Ирактагы 12 жылдык антитеррордук операциянын аяктаганын жарыялады



АКШнын Коргоо министрлиги «Непоколебимая решимость» операциясынын Ирактагы бөлүгү аяктаганын билдирди. Операция 12 жылга созулуп, негизги максаты «Ислам мамлекети» (ИМ) экстремисттик тобуна каршы күрөшүү болгон.

Акыркы америкалык аскерлер Ирактын Күрдистанындагы административдик борбор Эрбиль шаарынан чыгарылды.

Пентагондун маалыматына ылайык, мындан ары террордук коркунучту жоюу боюнча негизги жоопкерчилик Ирактын өкмөтүнө өтөт.

АКШ 2003-жылы Иракка киргизген аскерлерин 2011-жылы чыгарган. Бирок 2014-жылы ИМге каршы күрөшүү үчүн америкалык аскерлер кайра Иракка келген. 2019-жылы АКШ экстремисттердин негизги түзүмдөрү талкаланганын жарыялаган. Андан кийин миссия аскердик кеңеш берүү жана чалгын маалыматтарын алмашуу форматына өткөн.

🇺🇸 Эми АКШ Ирактагы коопсуздук маселелерине алыстан жүргүзүлүүчү операциялар аркылуу катышууну көздөп жатат. Бул үчүн аймактагы башка араб өлкөлөрүндө жайгашкан америкалык аскер базалары пайдаланылышы күтүлүүдө.

📅 Бул окуяга байланыштуу Багдадда 30-сентябрь жана 1-октябрь дем алыш күндөрү деп жарыяланган.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 4, 2026🇰🇬🇷🇺 Кыргызстан Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультацияларга катышат 5-октяб…
  2. Oct 3, 2026🇺🇿 Өзбекстанда балдарды зордуктагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилди Өзбекс…
  3. Oct 3, 2026🥔 Айыл чарба министрлиги картошка импортун 2027-жылдын 1-мартына чейин чектөөнү сунуштады…
  4. Oct 2, 2026🛰️🇰🇬 Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды Президент Садыр Жапаров…
  5. Oct 2, 2026🏠 МИКке 35 млрд сомдук насыяларды реструктуризациялоо сунушталды Жогорку Кеңештин Финансы…
  6. Oct 2, 2026🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →