TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.8K subscribers
Post #4837 2.91K
🇰🇬🇷🇺 Кыргызстан Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультацияларга катышат



5-октябрда Россияда Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын сегизинчи жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын өкүлдөрү да катышат.

Жыйынга Ооганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын атайын өкүлдөрү жана жогорку кызмат адамдары катышат. Беларусь менен Египеттин делегациялары конок катары чакырылган.

🇦🇫 Ооганстан тарапты тышкы иштер министри Амир Хан Моттаки жетектейт.

Жыйында Ооганстан менен аймак өлкөлөрүнүн саясий жана экономикалык кызматташтыгы, ошондой эле терроризмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык талкууланат.

📄 Жыйындын соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алуу пландалууда.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 3, 2026🇺🇿 Өзбекстанда балдарды зордуктагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилди Өзбекс…
  2. Oct 3, 2026🥔 Айыл чарба министрлиги картошка импортун 2027-жылдын 1-мартына чейин чектөөнү сунуштады…
  3. Oct 2, 2026🛰️🇰🇬 Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды Президент Садыр Жапаров…
  4. Oct 2, 2026🇺🇸🇮🇶 Пентагон Ирактагы 12 жылдык антитеррордук операциянын аяктаганын жарыялады АКШнын…
  5. Oct 2, 2026🏠 МИКке 35 млрд сомдук насыяларды реструктуризациялоо сунушталды Жогорку Кеңештин Финансы…
  6. Oct 2, 2026🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →