TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.9K subscribers
Post #4835 15.2K
🥔 Айыл чарба министрлиги картошка импортун 2027-жылдын 1-мартына чейин чектөөнү сунуштады



Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги картошканы импорттоого убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Министрликтин маалыматына караганда, чектөө 2027-жылдын 1-мартына чейин колдонулушу мүмкүн. Максат — ички өндүрүш калктын керектөөсүн толук камсыздап жаткан шартта, ата мекендик фермерлерге түшүмүн сатууга мүмкүнчүлүк берүү.

🌱 2026-жылы Кыргызстанда болжол менен 1,249 млн тонна картошка өндүрүлөрү күтүлүүдө. Калктын жылдык керектөөсү — 799,7 миң тонна.

Министрлик өлкөнүн картошка менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээлин 181,9% деп көрсөтүүдө. Бирок ведомство келтирген өндүрүш жана керектөө көлөмдөрүн эсептегенде бул көрсөткүч 156,3%га жакын болот.

📌 Министрликтин позициясы боюнча, ички өндүрүш өлкө рыногун ата мекендик картошка менен камсыздоого жетиштүү болгондуктан, чет өлкөдөн ири көлөмдө импорттоого зарылдык жок.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 3, 2026🇺🇿 Өзбекстанда балдарды зордуктагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилди Өзбекс…
  2. Oct 2, 2026🛰️🇰🇬 Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды Президент Садыр Жапаров…
  3. Oct 2, 2026🇺🇸🇮🇶 Пентагон Ирактагы 12 жылдык антитеррордук операциянын аяктаганын жарыялады АКШнын…
  4. Oct 2, 2026🏠 МИКке 35 млрд сомдук насыяларды реструктуризациялоо сунушталды Жогорку Кеңештин Финансы…
  5. Oct 2, 2026🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө…
  6. Oct 2, 2026🚗 «Түндүк» тиркемесинде айдоочулук күбөлүк боюнча кызматтар убактылуу жеткиликсиз «Түндүк…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →