TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.9K subscribers
Post #4832 8.24K
🏠 МИКке 35 млрд сомдук насыяларды реструктуризациялоо сунушталды



Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) 35 млрд сомдук эки бюджеттик насыясын реструктуризациялоо сунушун колдоду.

Насыялар МИКке Финансы министрлиги тарабынан берилген:

• 2025-жылы — 9 млрд сом;
• 26 млрд сом.

Реструктуризация МИКтин каржылык туруктуулугун камсыздап, «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн сунушталууда.

📌 Насыяларды кайтаруу мөөнөтүн 1 жылдан 3 жылга чейин узартуу, ал эми пайыздык ченди 6%дан 3%га чейин төмөндөтүү каралууда.

Ошондой эле каржылык санкцияларды жана акцияларды күрөөгө коюу талабын жокко чыгаруу сунушталууда. Негизги карызды мөөнөттүн аягында бир төлөм менен кайтаруу пландалууда.

💰 Карыздын негизги суммасы кыскарбайт. МИК республикалык бюджетке 35 млрд сомду толугу менен кайтарышы керек.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 2, 2026🛰️🇰🇬 Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды Президент Садыр Жапаров…
  2. Oct 2, 2026🇺🇸🇮🇶 Пентагон Ирактагы 12 жылдык антитеррордук операциянын аяктаганын жарыялады АКШнын…
  3. Oct 2, 2026🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө…
  4. Oct 2, 2026🚗 «Түндүк» тиркемесинде айдоочулук күбөлүк боюнча кызматтар убактылуу жеткиликсиз «Түндүк…
  5. Oct 2, 2026🇰🇬 Баткен жана Ош облустарында 11 жаңы айыл түзүү сунушталды Кыргызстанда Баткен жана Ош…
  6. Oct 2, 2026🇰🇬🇧🇾 Адылбек Касымалиев Беларусь өлкөсүнө иш сапары менен барды Министрлер кабинетинин…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →