TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.9K subscribers
Post #4834 12.2K
🛰️🇰🇬 Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды



Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышты.

Спутник Калифорниядагы Ванденберг авиабазасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен орбитага чыгарылды. Ал бир ракета менен учурулган бир нече космостук аппараттын курамында орбитага жайгаштырылды.

🛰️ Долбоор Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен ишинин жыйынтыгы. Спутникти башкаруу Бишкекте жайгашкан борбордон жүргүзүлөт.

Спутниктен алынган маалыматтар:

• 🌾 айыл чарба жерлерин жана жайыттарды;
• 🧊 мөңгүлөрдү жана суу объектилерин;
• 🌲 токойлорду;
• 🌍 жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле маалыматтар мыйзамсыз кен казууну, уруксатсыз таштанды жайларын жана башка булгануу булактарын аныктоого, логистикалык каттамдарды оптималдаштырууга колдонулат.

⚠️ Спутниктик технологиялар кургакчылык, сел, суу ташкыны, жер көчкү жана токой өрттөрү сыяктуу табигый коркунучтарды эрте аныктоого да жардам берет.

Кийин спутниктен алынган маалыматтар мамлекеттик санариптик системалар менен интеграцияланып, мейкиндик карталарын жана аналитикалык моделдерди түзүүдө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда жана инвестициялык пландаштырууда колдонулары күтүлүүдө.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 2, 2026🇺🇸🇮🇶 Пентагон Ирактагы 12 жылдык антитеррордук операциянын аяктаганын жарыялады АКШнын…
  2. Oct 2, 2026🏠 МИКке 35 млрд сомдук насыяларды реструктуризациялоо сунушталды Жогорку Кеңештин Финансы…
  3. Oct 2, 2026🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө…
  4. Oct 2, 2026🚗 «Түндүк» тиркемесинде айдоочулук күбөлүк боюнча кызматтар убактылуу жеткиликсиз «Түндүк…
  5. Oct 2, 2026🇰🇬 Баткен жана Ош облустарында 11 жаңы айыл түзүү сунушталды Кыргызстанда Баткен жана Ош…
  6. Oct 2, 2026🇰🇬🇧🇾 Адылбек Касымалиев Беларусь өлкөсүнө иш сапары менен барды Министрлер кабинетинин…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →