🏗️ Кыргызстанда жыл башынан бери курулушка 280 млрд сомдон ашык инвестиция салынды
2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда курулуш тармагына 281 млрд 784,3 млн сом инвестиция жумшалды. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.
📊 Курулуш тармагындагы жалпы өндүрүштүн көлөмү 300 млрд 495,5 млн сомго жетти. Август айында эле 55 млрд 340,8 млн сомдук курулуш иштери аткарылган.
💰 Инвестициялардын 83,4%ы ички булактардан — 235 млрд 112 млн сом. Анын ичинде республикалык бюджеттен 93 млрд 502,7 млн сом багытталган.
🌍 Тышкы инвестициялар 2,2 эсеге өсүп, 46 млрд 672,3 млн сомду түздү. Түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 11 эсеге көбөйүп, 34 млрд 718,3 млн сомго жетти.
Эң көп каражат төмөнкү тармактарга жумшалган:
🚛 транспорт жана жүк сактоо — 34,6 млрд сом;
🎭 искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 18,8 млрд сом;
🎓 билим берүү — 17,2 млрд сом;
⚡ энергетика — 14,5 млрд сом.
Мындан тышкары, сегиз айда Кыргызстанда объектилерди капиталдык жана учурдагы оңдоого 14 млрд сом жумшалган.
@kgosho Билип жаша!
Post #4825
16K