🦖 Окумуштуулар төрт канаттуу динозаврдын жаңы түрүн табышты
Палеонтологдор кичинекей динозаврдын жаңы түрүн сүрөттөп, ага Norellraptor barsboldi деген ат беришти. Ал америкалык палеонтолог Марк Аллен Нореллдин жана монгол окумуштуусу Ринченгийин Барсболддун урматына аталган.
🪽 Бул динозавр микрорапториндерге — дромеозавриддердин бир түркүмүнө кирет. Алардын өзгөчөлүгү — алдыңкы жана арткы буттарында учуучу канат жүндөрүнүн болушу. Окумуштуулар мындай жүндөр дарактардын арасында азыркы учуучу тыйын чычкандар сыяктуу калкып учууга жардам берген деп эсептешет.
🔬 Изилдөөдө Norellraptor barsboldiнин учууга ыңгайлашуусуна байланыштуу 50дөн ашык анатомиялык белги аныкталган.
Эң кызыгы — бул белгилер куштардын байыркы ата-бабаларында да болгон, бирок алардын пайда болуу тартиби башкача.
📌 Бул ачылыш динозаврларда учуу жөндөмү эволюциянын жүрүшүндө кеминде эки жолу, бири-биринен көз карандысыз пайда болгон деген божомолду күчөтөт.
@kgosho Билип жаша!
Post #4826
5.9K