TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4822 3.77K
💸 Ар бир он кыргызстандыктын алтоосу каржылык стресске кабылган



Кыргызстанда калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа сунушталды. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

📊 2025-жылдагы изилдөөгө ылайык, кыргызстандыктардын жалпы каржылык сабаттуулук индекси 59% түзгөн. Ал эми жарандардын 59%ы жогорку деңгээлдеги каржылык стрессти баштан кечирет.

Изилдөөдө калктын болгону 34%ы зарыл болгон минималдуу каржылык билимге ээ экени, ал эми узак мөөнөттүү туура каржылык көз карашы калыптанган адамдардын үлүшү 7% гана экени айтылат.

📌 Жаңы программада калкты:

• жеке каражатты туура башкарууга;
• насыяларды жоопкерчиликтүү пайдаланууга;
• санариптик каржы кызматтарын коопсуз колдонууга;
• каржылык алдамчылыкты таанууга;
• топтоо, камсыздандыруу жана инвестициялык инструменттерди туура пайдаланууга үйрөтүү каралган.

🎯 2031-жылга карата каржылык стресси жогору жарандардын үлүшүн 59%дан 40%дан төмөн түшүрүү, каржылык сабаттуулук индексин кеминде 63%га жеткирүү жана алдамчылыктын белгилерин тааный алган адамдардын үлүшүн 85%га чейин көбөйтүү максат кылынууда.

💰 Ошондой эле алты айдан ашык чыгымга жетерлик каржылык коопсуздук жаздыгы бар жарандардын үлүшүн 15%дан 25%га көбөйтүү сунушталды.

Программа балдарга жана жаштарга, аялдарга, эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө, айыл тургундарына, аз камсыз болгон жана улгайган адамдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жаңыдан иш баштаган ишкерлерге өзгөчө көңүл бурат.

📅 Программаны Улуттук банк координациялайт. Аралык баалоо 2029-жылы, жыйынтыктоочу баалоо 2031-жылы жүргүзүлөт. Долбоор азырынча коомдук талкууда.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 1, 2026🏗️ Кыргызстанда жыл башынан бери курулушка 280 млрд сомдон ашык инвестиция салынды 2026-ж…
  2. Oct 1, 2026🗳️ БШК эл аралык байкоочуларды жайгаштырууга 5,5 млн сомго жакын каражат бөлөт Кыргызстан…
  3. Oct 1, 2026🚗 Катуу үн чыгарган унааларга айып пул салынып, айдоого тыюу салынат Кыргызстанда өтө кат…
  4. Oct 1, 2026🇷🇺 Кремль: Россияда саясий камалгандар жок Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитри…
  5. Oct 1, 2026🇺🇸 АКШнын Жогорку соту Трампка мигранттарды үчүнчү өлкөлөргө депортациялоону кайра башто…
  6. Oct 1, 2026🇰🇬🇷🇺 КРСУда III Россия-Кыргыз билим берүү форуму башталды Кыргыз-Россия Славян универс…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →