🚗 Катуу үн чыгарган унааларга айып пул салынып, айдоого тыюу салынат
Кыргызстанда өтө катуу үн чыгарган унаалар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
🔊 Унааны пайдаланууга төмөнкү учурларда тыюу салуу каралууда:
• заводдо каралбаган жана техникалык талаптарга жооп бербеген выхлоп системасына өзгөртүү киргизилсе;
• түтүктүн үнүн атайын күчөткөн жабдуу орнотулса;
• унаанын үнүнүн деңгээли уруксат берилген чектен ашса.
❗ Мындай бузуу аныкталса, көйгөй жоюлганга чейин унааны пайдаланууга тыюу салынышы мүмкүн. Ошондой эле айдоочу башкаруудан четтетилиши сунушталууда.
💰 Үндү күчөткөн жабдуу орноткон же уруксат берилген деңгээлден жогору үн чыгарган унааны башкарган жеке жакка 5,5 миң сом айып пул каралууда.
Автосервистерге да жоопкерчилик киргизилет: жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул сунушталууда.
📏 Маанилүүсү — унаа «катуу угулганы» үчүн эле айып салынбайт. Эреже бузуу үн деңгээлин объективдүү өлчөө менен тастыкталышы керек.
ЕАЭБдин техникалык регламентине ылайык, өндүрүүчүнүн маалыматы жок болсо, чектүү деңгээл жеңил унаалар, жеңил жүк ташуучу унаалар жана мотоунаалар үчүн 96 дБА, айрым автобустар жана орто категориядагы жүк ташуучулар үчүн 98 дБА, оор транспорт үчүн 100 дБА болуп саналат.
@kgosho Билип жаша!
Post #4823
2.84K