🇺🇸 АКШнын Жогорку соту Трампка мигранттарды үчүнчү өлкөлөргө депортациялоону кайра баштоого уруксат берди
АКШнын Жогорку соту Трамптын администрациясынын мигранттарды үчүнчү өлкөлөргө чыгаруу практикасын кайра жандандыруусуна жол ачты.
Сот АКШнын Юстиция министрлигинин шашылыш өтүнүчүн канааттандырып, төмөнкү инстанциянын бул практика мыйзамсыз деген чечимин убактылуу токтотту.
📌 Мигранттар айрым учурларда өздөрү менен мурда байланышы болбогон үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлүп, ал жакта коопсуздук коркунучуна туш болушу мүмкүн экени айтылууда.
⚖️ АКШнын Жогорку соту иш боюнча тараптардын жүйөлөрүн декабрда угат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январынан бери АКШ бийлиги мындай жол менен 25 миңден ашык мигрантты үчүнчү өлкөлөргө жашыруун депортациялаган.
@kgosho Билип жаша!
Post #4820
15.2K