TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4812 3.2K
🏗️ Кыргызстанда ири инвесторлорго мамлекеттик жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюуга уруксат берүү сунушталды



Кыргызстанда ири инвесторлорго мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди ижарага алуу укугун кредит алуу үчүн күрөөгө коюуга уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

📌 Кеп жердин өзүн күрөөгө коюу же жеке менчикке өткөрүү тууралуу эмес. Күрөөнүн предмети — жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугу гана болот.

Механизм өкмөт менен түз сүйлөшүү аркылуу түзүлгөн инвестициялык келишимдердин алкагында берилген жерлерге гана колдонулмакчы. Мында инвестициянын көлөмү кеминде 5 млрд сом болушу талап кылынат.

💰 Демилге ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорго банк жана башка каржы уюмдарынан кошумча каражат тартууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Ошол эле учурда жердин мамлекеттик же муниципалдык менчик макамы сакталат, ал эми инвестор ижара акысын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү улантат.

📄 Долбоордо күрөөгө коюуга мүмкүн болгон жерлердин категориялары, инвесторго жана кредит берүүчү тарапка коюлган талаптар, күрөөнүн мөөнөтү жана карыз өндүрүү тартиби да каралган.

Белгилей кетсек, бул маселе кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында да талкууланып, инвесторлорго жерди ижарага алуу укугун каржы уюмдарына күрөөгө коюуга мыйзамдык мүмкүнчүлүк түзүү боюнча макулдашуу болгон.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 30, 2026👨‍👩‍👧 Жашы жете электердин чет өлкөгө чыгышын жөнгө салган мыйзам долбоору четке кагылд…
  2. Sep 30, 2026👵 Кыргызстанда калктын 6%ын 65 жаштан жогорку адамдар түзөт Кыргызстанда 65 жаштан жогорк…
  3. Sep 30, 2026🧵 Маркетплейстеги сатуучулар менен тигүүчүлөрдү бирдиктүү салыктан убактылуу бошотуу суну…
  4. Sep 30, 2026💰 Кыргызстандын элинин микрокредит боюнча карызы 67 млрд сомго жетти 2026-жылдын биринчи…
  5. Sep 30, 2026🇰🇬🇬🇧 Кыргызстан жана Британия санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө боюнча сүйлөштү К…
  6. Sep 30, 2026👴 Кыргызстанда пенсионерлердин саны 3 жылда 9,9% өстү Кыргызстанда акыркы үч жылда пенсио…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →