🇰🇬🇬🇧 Кыргызстан жана Британия санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө боюнча сүйлөштү
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик министри, лорд Вернон Кокер менен жолугушту.
Кулубаев Британия тарапка Кыргызстанда санкцияларды мүмкүн болгон айланып өтүүгө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле актуалдуу маалыматтарды Улуу Британиянын жетекчилигине жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
🤝 Жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгы, соода-экономикалык байланыштар жана энергетика менен логистика тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорго британиялык тажрыйба менен инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
⛏️ Мындан тышкары, критикалык минералдар жаатындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
@kgosho Билип жаша!
Post #4809
13.8K