🥔 Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга токтотуу сунушталды
Кыргызстанда картошка импортун алты айга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
📉 Демилгечилердин айтымында, өлкөдө быйыл картошка жетиштүү өндүрүлөт. Импорттун уланышы жергиликтүү түшүм сатылып жаткан учурда баанын төмөндөшүнө алып келип, фермерлерге зыян келтириши мүмкүн.
2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 24,7 миң тонна картошка импорттолгон. Анын 21,4 миң тоннасы Кытайдан келген.
🌱 Ошол эле учурда жети айда өлкөдө 486 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Жыл соңуна карата түшүм 1 млн 249,7 миң тоннага жетиши күтүлүүдө. Калктын жылдык керектөөсү болжол менен 799,7 миң тонна деп эсептелип, өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 156,3% болот деп болжолдонууда.
💰 Фермерлер үчүн картошканын өздүк наркы 1 килограммына орточо 13,04 сом. Эгер 16 сомдон сатылса, гектарына болжол менен 36,4 миң сом киреше калат. Долбоордун авторлору бул айырма сактоо, ташуу жана насыя чыгымдарын жабууга жетишсиз экенин белгилешет.
🚫 Тыюу ТН ВЭД ЕАЭБ 0701 90 500 0 коду менен классификацияланган картошкага тиешелүү болот. Транзиттик жүктөргө, токтом күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн партияларга жана илимий-изилдөө сыяктуу атайын максаттар үчүн алып келинген картошкага чектөө жайылтылбайт.
📌 Долбоор азырынча коомдук талкуу баскычында. Эгер рынокто тартыштык коркунучу жаралса же кырдаал турукташса, алты айлык чектөө мөөнөтүнөн мурда алынышы мүмкүн.
@kgosho Билип жаша!
Post #4815
15.4K