🧵 Маркетплейстеги сатуучулар менен тигүүчүлөрдү бирдиктүү салыктан убактылуу бошотуу сунушталды
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети тигүү жана текстиль ишканаларын, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу иштеген сатуучуларды бирдиктүү салыктан убактылуу бошотууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
📌 Жеңилдик 2026-жылдын 31-декабрына чейин киргизилиши сунушталууда.
Экономика жана коммерция министрлиги бул чараны ири логистикалык борборлордун ишиндеги үзгүлтүктөрдөн улам товарларды жеткирүү жана сатууда жаралган көйгөйлөр менен түшүндүрдү.
🇰🇬 Кыргызстанда болжол менен 200 текстиль жана тигүү ишканасы, 3 миңге жакын чакан цех иштейт. Ал эми Wildberries жана Ozon маркетплейстеринде 30 миңге жакын сатуучу катталган, алардын 15 миңдейи активдүү иш алып барат.
Мындан тышкары, атайын салык режимдеринде иштегендерди бирдиктүү салык декларациясын тапшыруудан бошотуу сунушталууда. Анткени керектүү маалыматтар Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системаларында бар.
🏪 Ошондой эле атайын соода режими колдонулган аймактарда турак эмес жайларды ижарага берген жеке жактарга патент менен иштөөгө уруксат берүү сунушталууда.
@kgosho Билип жаша!
Post #4811
14.1K