💰 Кыргызстандын элинин микрокредит боюнча карызы 67 млрд сомго жетти
2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда микрокредит алган адамдардын саны 1 млн 559,2 миңге жетти. Бул өлкө калкынын болжол менен төрттөн бирине барабар.
📊 Жалпы карыз 67 млрд 46,5 млн сомду түздү. Ал эми жыл башынан бери жарандар 48 млрд 500,4 млн сомго жаңы микрокредит алышкан. Бул былтыркыга салыштырмалуу 20,6% көп.
💳 Кредиттердин басымдуу бөлүгү керектөө муктаждыктарына алынган — 30 млрд сом (61,9%). Айыл чарбасына — 7,6 млрд, соода жана коомдук тамактанууга — 5,7 млрд сом багытталган.
🏙️ Карыз алууда Бишкек алдыда. Борбор калаада 729,2 миң адам микрокредит алган, алардын жалпы карызы 15,5 млрд сомго жакындады.
📉 Ошол эле учурда бир микрокредиттин орточо көлөмү кескин азайган. 2025-жылы орточо сумма 70,9 миң сом болсо, 2026-жылы 31,1 миң сомго түштү. Бишкекте бул көрсөткүч 21,2 миң сомду түздү.
📌 Статистика мындай чакан жана кыска мөөнөттүү, анын ичинде «айлыкка чейин» алынган насыялардын кеңири жайылганын көрсөтүп турат.
@kgosho Билип жаша!
Post #4810
12.8K