🗳️ Президенттикке талапкерлердин жарандыгы, соттуулугу жана тил билүүсү текшерилет
Кыргызстандын БШКсы 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерүүгө ведомстволор аралык даярдыкты баштады.
Талапкерлер боюнча мамлекеттик органдар төмөнкү маалыматтарды текшерип, алмашат:
🔹 жарандыгы;
🔹 соттуулугунун бар-жогу;
🔹 кылмыштуу же куралдуу топторго тиешеси;
🔹 диний ишмердүүлүккө катышуусу.
🗣️ Ошондой эле талапкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттары текшерилет. Зарыл болсо тил боюнча тестирлөө уюштурулуп, маалыматтарды ыкчам алуу механизми каралды.
Жыйынга Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Чек ара кызматынын, «Кызмат» мекемесинин жана «Кыргызтесттин» өкүлдөрү катышты.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров талапкерлер тууралуу маалыматтарды өз убагында берүү үчүн мамлекеттик органдардын координацияланган иши маанилүү экенин белгиледи.
@kgosho Билип жаша!
Post #4816
7.67K