TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.2K subscribers
Post #4731 13.9K
🛂 Кыргызстанда качкын статусун берүү эрежелерин өзгөртүү сунушталды



Кыргызстанда качкын деп таануу тууралуу арыздарды каттоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдады.

📌 Арызды каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
🔹 адамга мурда качкын статусун берүүдөн баш тартылып, жаңы жагдайлар пайда болбосо;
🔹 Кыргызстанда оор кылмыш үчүн соттолгон болсо;
🔹 мурда качкын статусун алып, өз каалоосу менен мекенине кайтып кеткен же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого кеткен болсо;
🔹 Кыргызстанга келгенге чейин башка мамлекетте саясий эмес мүнөздөгү оор кылмыш жасаган деп эсептөөгө олуттуу негиз болсо.

📊 Министрликтин маалыматына караганда, 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи жарымына чейин мурда баш тартылган адамдардан кайрадан болжол менен 160 арыз түшкөн.

⏳ Долбоор боюнча башпаанек издеген адамдын арызы 14 жумушчу күндүн ичинде катталышы керек.

👨‍👩‍👧‍👦 Ошондой эле үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө, жашына карабастан, өзүнчө качкын күбөлүгүн берүү сунушталууда.

⚠️ Күбөлүктүн мөөнөтү бүткөндөн кийин адам 1 жыл ичинде аны узартуу үчүн кайрылбаса, качкын статусун жокко чыгаруу каралууда.

🇰🇬 2025-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн келген 164 адам качкын статусуна ээ.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 24, 2026🎖️ Кыргызстанда аскердик каттоо жана чакырылуучулардын медкароосу «Аскер» системасына өтк…
  2. Sep 24, 2026🗳️ БШК президенттик шайлоонун каржылоо эрежелерин бекитти Кыргызстандын Шайлоо жана рефер…
  3. Sep 24, 2026🎗️ Депутат: Кыргызстанда онкологиядан күн сайын 10 адам каза болот Жогорку Кеңештин жыйын…
  4. Sep 24, 2026💰 Бизнеске бюджеттик кредиттер менен эски карыздарды жабууга тыюу салуу сунушталды Кыргыз…
  5. Sep 24, 2026🚗 Кыргызстан аркылуу жаңы автоунаалардын импорту 156% өстү «Автостат» агенттигинин маалым…
  6. Sep 24, 2026🏠 Жогорку Кеңеш кыймылсыз мүлккө өзүнө өзү тыюу салуу механизмин колдоду Жогорку Кеңеш «К…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →