TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.1K subscribers
Post #4774 13.8K
🎖️ Кыргызстанда аскердик каттоо жана чакырылуучулардын медкароосу «Аскер» системасына өткөрүлөт



Министрлер кабинети аскерге чакырууну уюштуруу жана чакырылуучуларды медициналык кароодон өткөрүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.

📲 Мындан ары аскердик каттоонун жана медициналык кароонун негизги этаптары «Аскер» электрондук системасы аркылуу жүргүзүлөт. Аскер комиссариатына чакыруу билдирүүлөрү «Түндүк» тиркемеси, push-билдирүү же SMS аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.

📅 15-ноябрга чейин мамлекеттик органдар аскердик каттоого биринчи жолу турушу керек болгон жарандар тууралуу маалыматтарды «Аскер» системасына өткөрүшү зарыл.

🏥 Аскер комиссариаттары электрондук система аркылуу жарандардын психиатриялык жана наркологиялык каттоосу, майыптыгы, медициналык карталарынан көчүрмөлөрү, катталган дареги жана билими тууралуу маалыматтарды ала алышат.

🩺 Медициналык кароонун жыйынтыктары жана аскердик-медициналык комиссиялардын корутундулары электрондук түрдө, электрондук кол тамга менен таризделет.

📱 Аскердик каттоого турганы тууралуу маалымат жана аскердик билет «Түндүк» тиркемесиндеги жеке кабинетте жеткиликтүү болот. Каалаган жаран документтерди кагаз түрүндө да ала алат.

ℹ️ Ошондой эле чакырылуучулардын ден соолугуна коюлган талаптар жаңыртылды. Анын ичинде очоктук алопеция жана очоктук витилиго «ЧД-5» жарактуулук категориясына киргизилди.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 27, 2026🇰🇬🇷🇺 Кыргызстандын аскерлери Россиядагы ЖККУнун машыгууларына катышууда Беларусь, Каза…
  2. Sep 27, 2026📚 Кыргызстанда мектеп окуу китептерин чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүндү Президент Садыр Жапа…
  3. Sep 26, 2026🇷🇺🇰🇬 Августта Россия Кыргызстанга дизелдик отун жеткирүүнү 16 эсеге көбөйттү Reuters а…
  4. Sep 26, 2026🇺🇿💳 Өзбекстанда санариптик сум 2029-жылга чейин ишке кириши мүмкүн Өзбекстандын Борборд…
  5. Sep 26, 2026🗳️ Садыр Жапаров талапкерлерди үгүттөгөн чиновниктерди кызматтан бошотууну тапшырды Прези…
  6. Sep 25, 2026🚀🇰🇬 Кыргызстан космоско чыгууда: өлкөнүн алгачкы спутниги тааныштырылды Кыргызстандын а…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →