📚 Кыргызстанда мектеп окуу китептерин чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүндү
Президент Садыр Жапаров мектептерди окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо боюнча жарлыкка кол койду.
💰 Окуу китептерин чыгарууга мамлекеттик бюджеттен 8,5 млрд сом бөлүндү.
📖 Министрлер кабинетине 2027–2030-жылдарга окуу китептерин чыгаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылды. Китептер билим берүү стандарттарына жана заманбап талаптарга ылайык экспертизадан өткөрүлөт.
🔎 Ар бир окуу китебине өзүнчө QR-код коюлуп, анын кайсы аймакка, мектепке, класска жана окуучуга жеткени көзөмөлдөнөт.
⚠️ Буга чейин акысыз таратылышы керек болгон жаңы окуу китептери базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте сатылып жатканы тууралуу ата-энелер билдиришкен. Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон.
@kgosho Билип жаша!
Post #4787
11.1K