🇰🇬🇷🇺 Кыргызстандын аскерлери Россиядагы ЖККУнун машыгууларына катышууда
Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын аскердик контингенттери Россияга жеткирилип, ЖККУнун биргелешкен аскердик машыгууларына катышууда.
🎖️ Машыгуулар Россиянын Борбордук аскер округундагы «Чебаркульский» полигонунда өтүп жатат. Алардын курамында үч негизги машыгуу бар:
🔹 «Взаимодействие-2026» — чек арадагы куралдуу жаңжалды локалдаштыруу боюнча биргелешкен операцияны даярдоо жана өткөрүү.
🔹 «Поиск-2026» — чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү.
🔹 «Эшелон-2026» — аскерлерди материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин машыгуу.
📌 ЖККУнун штабынын маалыматына караганда, бул пландуу машыгуулар болуп, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес. Максат — аскерлердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгын жогорулатуу.
@kgosho Билип жаша!
Post #4788
13.9K