🍫 Кыргызстан ар бир жаранга 28 плитка шоколадга барабар таттуу импорттоду
2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстан 74,9 млн долларга 19,7 миң тонна кондитердик азык жана шоколад импорттоду. Бул ар бир жаранга орточо 2,8 кг таттууга туура келет.
📈 Ал эми өлкө ошол эле мезгилде 10,4 млн долларлык таттуу экспорттогон. Демек, импорт экспорттон 7,2 эсеге көп.
🇰🇬 Кыргызстандын таттууларынын негизги сатып алуучулары:
• 🇹🇯 Тажикстан — 65,2%
• 🇺🇿 Өзбекстан — 15,8%
• 🇲🇳 Монголия — 9,8%
• 🇹🇲 Түркмөнстан — 5,5%
• 🇰🇿 Казакстан — 2,2%
🌍 Ал эми таттуулар негизинен Казакстандан (37,5%), Россиядан (36,2%), Украинадан, Германиядан жана Өзбекстандан импорттолгон.
💰 Натыйжада таттуу азыктар боюнча Кыргызстандын тышкы соода тартыштыгы 64,6 млн долларды түздү.
@kgosho Билип жаша!
Post #4791
15.3K