🌾 Фермерлер мамлекеттик колдоого iDyikan аркылуу арыз бере алышат
Кыргызстанда iDyikan мамлекеттик санариптик платформасы боюнча жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
📲 Платформа аркылуу фермерлер жана агрардык тармактын башка өкүлдөрү субсидия, кредит жана мамлекеттик кызматтарга электрондук түрдө арыз бере алышат.
🌱 iDyikanда чарбанын санариптик профили түзүлүп, жер тилкелери, айдоо аянттары, өстүрүлүп жаткан өсүмдүктөр, жер семирткичтерге болгон муктаждык, мал, техника жана кампалар тууралуу маалыматтар камтылат.
🏦 Платформага банктар жана каржы уюмдары да кошула алат. Бирок кредит же субсидия берүү боюнча акыркы чечимди тиешелүү мамлекеттик органдар жана банктар кабыл алат.
🔐 Мамлекеттик системаларда бар маалыматтарды ведомстволор аралык электрондук байланыш аркылуу алуу сунушталууда. Бул фермерлерден бир эле документтерди кайра-кайра талап кылбоого мүмкүндүк берет.
📌 Платформанын ээси жана тармактык координатору Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, ал эми техникалык оператору «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси болот.
@kgosho Билип жаша!
Post #4794
8.71K