TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4793 1.98K
🚨 Сот аткаруучуларга кызматтык унааларга маяк жана сирена орнотууга уруксат берилди



Министрлер кабинети сот аткаруучулардын кызматтык унааларында атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга уруксат берди.

🚔 Маяк жана сирена кызматтык зарылдык болгон учурда, милдетти тез арада аткаруу жана окуя болгон жерге ыкчам жетүү талап кылынганда гана колдонулат.

Алар төмөнкү учурларда пайдаланылышы мүмкүн:

• сотко жүйөлүү себепсиз келбеген айыпталуучуларды, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү мажбурлап алып келүүдө;
• соттордо тартипти камсыз кылуу үчүн кошумча күч жөнөтүүдө;
• коомдук маанидеги жана резонанстуу иштер каралганда коопсуздукту күчөтүүдө;
• сот имараттарындагы мыйзам бузуулардын алдын алууда.

💰 Өзгөртүүлөрдү ишке ашырууга кеткен чыгымдар Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин бюджетинен каржыланат.

📅 Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 28, 2026🌾 Фермерлер мамлекеттик колдоого iDyikan аркылуу арыз бере алышат Кыргызстанда iDyikan ма…
  2. Sep 28, 2026🇰🇬🇨🇳🇰🇿🇺🇿 Кыргызстан, Кытай, Казакстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары маалымат а…
  3. Sep 28, 2026🍫 Кыргызстан ар бир жаранга 28 плитка шоколадга барабар таттуу импорттоду 2026-жылдын янв…
  4. Sep 28, 2026🤖⚠️ Россия менен АКШ аскердик ЖИге адамдык көзөмөл талап кылынган чектөөгө каршы чыгышты…
  5. Sep 28, 2026🇰🇬🇪🇺 Жээнбек Кулубаев менен Кая Каллас Кыргызстанга каршы санкция саясатын талкуулашты…
  6. Sep 27, 2026🇰🇬🇷🇺 Кыргызстандын аскерлери Россиядагы ЖККУнун машыгууларына катышууда Беларусь, Каза…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →