🤖⚠️ Россия менен АКШ аскердик ЖИге адамдык көзөмөл талап кылынган чектөөгө каршы чыгышты
Женевада БУУнун алкагында өткөн автономдуу куралдарды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Россия менен АКШ айрым коопсуздук талаптарын жумшартууга жетишти. Бул тууралуу The Washington Post жазды.
📝 Маалыматка караганда, эки өлкөнүн делегациялары 15 сааттай иштеп, долбоордон ЖИ аныктаган буталарды сокку уруудан мурда адам текшериши керек деген талапты алып салышкан. Ошондой эле системалардын алдын ала болжолдуулугу жана ишенимдүүлүгү боюнча айрым жоболор да документтен чыгарылган.
⚖️ Мындан тышкары, ЖИ колдонулган куралдар боюнча этикалык талаптарга байланыштуу жоболор да долбоордон алынганы айтылууда.
🌍 Ноябрда Конкреттүү кадимки куралдар боюнча конвенциянын катышуучулары автономдуу куралдарды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө расмий мандат берүү маселесин талкуулашат. Бул келечекте эл аралык келишим түзүүгө алып келиши мүмкүн.
🗣️ Washington Post басылмасына укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү билдиргендей, АКШ менен Россия автономдуу куралдарга юридикалык жактан милдеттүү эрежелерди киргизүүгө каршы позицияда. Алардын айтымында, консенсус принциби мындай сунуштарды бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берет.
📌 2024-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы өлүмгө алып келүүчү автономдуу куралдар боюнча биринчи резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Ага Россия, Беларусь жана Түндүк Корея каршы добуш берген.
@kgosho Билип жаша!
Post #4790
9.83K