TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4792 2.35K
🇰🇬🇨🇳🇰🇿🇺🇿 Кыргызстан, Кытай, Казакстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары маалымат алмашат



Төрт өлкөнүн бажы органдары оперативдүү маалымат алмашуу тартибинин долбоорун макулдашты. Тиешелүү документти 2027-жылы өтө турган «Кытай — Борбор Азия» саммитинде кол коюу пландалууда.

📍 Маселе Үрүмчү шаарында өткөн жумушчу топтун биринчи жыйынында талкууланып, тараптар бир пикирге келишкен.

🤖 Ошондой эле бажылык тобокелдиктерди башкаруу технологиялары, жасалма интеллект алгоритмдерин жана чоң маалыматтарды (Big Data) колдонуу маселелери каралды.

🚛 Маалыматтарды ыкчам алмашуу жүктөрдүн чек арадан өтүшүн тездетип, бажылык көзөмөлдүн тактыгын жогорулатууга жана соода жолдорунун ачыктыгын камсыздоого багытталган.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 28, 2026🚨 Сот аткаруучуларга кызматтык унааларга маяк жана сирена орнотууга уруксат берилди Минис…
  2. Sep 28, 2026🍫 Кыргызстан ар бир жаранга 28 плитка шоколадга барабар таттуу импорттоду 2026-жылдын янв…
  3. Sep 28, 2026🤖⚠️ Россия менен АКШ аскердик ЖИге адамдык көзөмөл талап кылынган чектөөгө каршы чыгышты…
  4. Sep 28, 2026🇰🇬🇪🇺 Жээнбек Кулубаев менен Кая Каллас Кыргызстанга каршы санкция саясатын талкуулашты…
  5. Sep 27, 2026🇰🇬🇷🇺 Кыргызстандын аскерлери Россиядагы ЖККУнун машыгууларына катышууда Беларусь, Каза…
  6. Sep 27, 2026📚 Кыргызстанда мектеп окуу китептерин чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүндү Президент Садыр Жапа…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →