TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4789 12.1K
🇰🇬🇪🇺 Жээнбек Кулубаев менен Кая Каллас Кыргызстанга каршы санкция саясатын талкуулашты



Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас менен жолугушту.

🤝 Тараптар транспорт, энергетика, жашыл экономика жана санариптештирүү тармагындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты.

📌 Кулубаев Кыргызстан санкцияларды мүмкүн болгон айланып өтүүгө жол бербөө боюнча жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, өлкөнүн позициясын ЕБ мамлекеттерине жана тиешелүү түзүмдөргө объективдүү жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

🇪🇺 Кая Каллас Кыргызстан менен саясий өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган демилгелерди колдой турганын билдирип, өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин белгиледи.

🔎 Тараптар санкция маселеси боюнча диалогду улантып, пайда болгон суроолорду өз убагында карап, өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгууга макулдашты.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 28, 2026🛒🇷🇺 1-октябрдан Россиядагы маркетплейстер товарларды катуу текшере баштайт: Кыргызстанд…
  2. Sep 28, 2026🏗️ Кыргызстанда кош курулушка уруксат берилиши мүмкүн Кыргызстанда жеке компанияларга мам…
  3. Sep 28, 2026🗳️ Президенттик шайлоо: БШК шайлоочуларга кайрылды Кыргызстанда кезектеги президенттик ша…
  4. Sep 28, 2026🌾 Фермерлер мамлекеттик колдоого iDyikan аркылуу арыз бере алышат Кыргызстанда iDyikan ма…
  5. Sep 28, 2026🚨 Сот аткаруучуларга кызматтык унааларга маяк жана сирена орнотууга уруксат берилди Минис…
  6. Sep 28, 2026🇰🇬🇨🇳🇰🇿🇺🇿 Кыргызстан, Кытай, Казакстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары маалымат а…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →