TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4797 4.63K
🛒🇷🇺 1-октябрдан Россиядагы маркетплейстер товарларды катуу текшере баштайт: Кыргызстандык сатуучуларга эмне өзгөрөт?



1-октябрдан тарта Россиядагы маркетплейстер товарларды жарыялоодон мурун мамлекеттик реестрлер аркылуу текшерет. Бул талап Кыргызстандык сатуучуларга да тиешелүү.

📌 Товар карточкасын түзүүдө сатуучу ТН ВЭД ЕАЭБдин 10 орундуу жана/же ОКПД2нин 9 орундуу кодун көрсөтүшү керек.

🔎 Эгер товарга сертификат, декларация, маркировка же башка уруксат документтери талап кылынса, маркетплейс алардын маалыматтарын мамлекеттик системалардан текшерет. Текшерүү 3 жумуш күнүнө чейин созулушу мүмкүн.

❌ Эгер милдеттүү текшерүүлөрдүн бири оң жыйынтык бербесе, жаңы товар карточкасы жарыялоого чыгарылбайт. Кыргызстандык сатуучу керектүү документтерди кошпосо, товар Россиядагы сатып алуучуларга көрүнбөй калышы мүмкүн.

👕 Бул өзгөрүү өзгөчө кыргызстандык кийим өндүрүүчүлөргө жана сатуучуларга маанилүү. Анткени кийимдердин айрым категорияларына милдеттүү маркировка жана шайкештик документтери талап кылынат.

⏳ Эски карточкалар 1-октябрда дароо өчүрүлбөйт. 1-октябрга чейин жарыяланган товарларды текшерүүгө 180 күндүк өткөөл мезгил берилет. Бирок жаңы түзүлгөн же 1-октябрдан кийин өзгөртүлгөн карточкалар жаңы эрежеге дароо түшөт.

💡 Кыргызстандык сатуучуларга товарларынын ТН ВЭД коддорун, сертификаттарын, декларацияларын жана карточкадагы маалыматтарын алдын ала текшерүү сунушталууда.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 28, 2026🏗️ Кыргызстанда кош курулушка уруксат берилиши мүмкүн Кыргызстанда жеке компанияларга мам…
  2. Sep 28, 2026🗳️ Президенттик шайлоо: БШК шайлоочуларга кайрылды Кыргызстанда кезектеги президенттик ша…
  3. Sep 28, 2026🌾 Фермерлер мамлекеттик колдоого iDyikan аркылуу арыз бере алышат Кыргызстанда iDyikan ма…
  4. Sep 28, 2026🚨 Сот аткаруучуларга кызматтык унааларга маяк жана сирена орнотууга уруксат берилди Минис…
  5. Sep 28, 2026🇰🇬🇨🇳🇰🇿🇺🇿 Кыргызстан, Кытай, Казакстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары маалымат а…
  6. Sep 28, 2026🍫 Кыргызстан ар бир жаранга 28 плитка шоколадга барабар таттуу импорттоду 2026-жылдын янв…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →