🗳️ Президенттик шайлоо: БШК шайлоочуларга кайрылды
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. БШК шайлоочуларга, талапкерлерге, партияларга жана ЖМКларга негизги талаптарды түшүндүрдү.
👤 Кимдер добуш бере алат?
Шайлоо күнү 18 жашка толгон Кыргызстандын жарандары добуш бере алат. Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн биометрикалык каттоодон өтүү зарыл.
📋 Алдын ала тизме 8-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайтына жарыяланат. Маалыматтарды 18-ноябрдан 12-январга чейин «Шайлоочунун кабинети» аркылуу текшерүүгө болот. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар элчиликтерде жана консулдуктарда добуш бере алышат.
👤 Президенттикке талапкерге талаптар:
• кеминде 35 жашта болушу;
• мамлекеттик тилди билүүсү;
• Кыргызстанда жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган болушу;
• кыргыз тилин «жогорку орто» деңгээлден төмөн эмес билгенин сертификат менен ырастоосу.
✍️ Талапкерлерди партиялар көрсөтө алат, жарандар өзүн өзү көрсөтүүгө да укуктуу. Талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултуп, 60 миңден ашык эмес кол тапшырышы керек. Кол топтоо «Түндүк» аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт.
💰 Талапкерлер шайлоо фондун түзүп, андан 10 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.
📅 Талапкерлерди каттоо 23-декабрда аяктайт.
📢 Шайлоо алдындагы үгүт 23-декабрдан 26-январь саат 08:00гө чейин жүргүзүлөт. Үгүт иштерине катышууну каалаган ЖМКлар БШКдан аккредитациядан өтүшү керек.
📺 Аккредитациясы жок ЖМКлар шайлоонун жүрүшүн чагылдыра алат, бирок материалдарында шайлоо алдындагы үгүт белгилери болбошу керек. Журналисттер шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышып, протоколдор менен таанышып, фото жана видео тартууга укуктуу.
@kgosho Билип жаша!
Post #4795
13.8K