🤖 Кыргызстанда жасалма интеллекттин этикасы боюнча жаңы талаптар сунушталды
Кыргызстанда жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуудагы этика боюнча жобону киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
📌 Долбоордун максаты — ЖИни иштеп чыгуу жана колдонуу үчүн коопсуз, ишенимдүү жана ачык чөйрө түзүү, жарандардын укуктарын коргоо жана өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн бекемдөө.
ЖИ системалары үчүн бирдиктүү этикалык принциптер киргизилип, алгоритмдердин басмырлоосуна, жашыруун колдонулушуна жана кыргыз тилинин нормаларын бурмалоосуна жол бербөө сунушталууда.
⚖️ Ошондой эле ЖИге өзүнчө юридикалык макам берилбейт. Анын иштеши жана чыгарган натыйжалары үчүн ЖИ тармагындагы тиешелүү тараптар жооп берет. Алгоритмдин өз алдынча үйрөнүшү же «галлюцинациясы» жоопкерчиликтен бошотууга негиз боло албайт.
💬 Боттор менен баарлашууда колдонуучуларга ЖИ тарабынан түзүлгөн контентти белгилөө талабы коюлушу мүмкүн.
🏛️ Мамлекеттик органдар жана жогорку коркунучтагы ЖИ системалары үчүн этикалык баалоо милдеттүү, ал эми жеке адамдар үчүн сунуш катары каралууда.
@kgosho Билип жаша!
Post #4805
14.8K