TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4804 16.1K
🇰🇬 ВНЖ, каттоо жана чет элдиктерге иштөөгө уруксат берүү функциялары Эмгек министрлигине өткөрүлдү



Президент Садыр Жапаров миграциялык айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

📌 Тышкы иштер министрлигинен жаңы ведомствого чет элдиктерге:

• Кыргызстанга кирүү, өлкөдө болуу жана иштөө үчүн бирдиктүү уруксат берүү;
• резидент-карталарды тариздөө жана берүү функциялары өтөт.

Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесси аутсорсингге өткөрүлүшү пландалууда.

🏛️ «Кызмат» мамлекеттик мекемесинен болсо:

• ВНЖ тариздөө;
• жарандык маселелерин кароо;
• чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жашаган жери боюнча каттоо жана эсепке алуу функциялары алынат.

Министрликтин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлүп, ага тиешелүү кызматкерлер, маалыматтык системалар жана электрондук базалар өткөрүлөт.

Кабинет функцияларды жана бүтө элек арыздарды өткөрүп берүү тартибин аныктап, өтүү мезгилинде кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга тийиш.




@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 29, 2026🚕 Кыргызстанда таксисттер жана курьерлер эмгектик коргоодон тышкары калууда Кыргызстанда…
  2. Sep 29, 2026🤖 Кыргызстанда жасалма интеллекттин этикасы боюнча жаңы талаптар сунушталды Кыргызстанда…
  3. Sep 29, 2026⚠️ Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жыл сайын 21 млн өспүрүм кыз кош бойлуу болот БУУнун Адам…
  4. Sep 29, 2026⛏️ Кыргызстанда көмүрдөн дизель майын өндүрүү сунушталды Монополияга каршы жөнгө салуу кыз…
  5. Sep 29, 2026🇰🇬 Блогер Илья Варламов Кыргызстанда «Google салыгын» төлөөчү болду Журналист жана видео…
  6. Sep 29, 2026🏢 Кыргызстандын түштүгүндөгү 3 шаарда студенттер үчүн жатаканалар курулат Ош, Манас жана…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →