⚠️ Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жыл сайын 21 млн өспүрүм кыз кош бойлуу болот
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын баяндамасына ылайык, 2025-жылы 10–19 жаштагы 12,3 млн кыз эне болгон. Алардын көбү физикалык, эмоционалдык жана социалдык жактан эне болууга даяр боло электе төрөшкөн.
🌍 Төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө жыл сайын болжол менен 21 млн өспүрүм кыз кош бойлуу болот. Көпчүлүк учурлар күтүүсүз кош бойлуулукка байланыштуу.
⚠️ Өспүрүмдөрдө кош бойлуулук жана төрөт учурунда ден соолукка коркунуч чоң. Ал эми жакыр өлкөлөрдө 15–19 жаштагы кыздардын болжол менен 43%ы заманбап контрацепция ыкмаларына жеткиликтүү эмес.
Баяндамада көйгөйдүн чыныгы масштабы мындан да чоң болушу мүмкүн экени айтылат. Себеби стигма, коркуу жана каттоо системаларындагы кемчиликтерден улам көптөгөн кош бойлуулук фактылары расмий статистикага кирбей калат.
📚 БУУ өспүрүмдөргө сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук боюнча туура маалымат берүү, медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана балдардын никесин алдын алуу өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулукту азайтууга жардам берерин белгилейт.
@kgosho Билип жаша!
Post #4803
15.7K