TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59K subscribers
Post #4801 13.7K
🇰🇬 Блогер Илья Варламов Кыргызстанда «Google салыгын» төлөөчү болду



Журналист жана видеоблогер Илья Варламов Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн реестрине киргизилди.

📅 Ал 2026-жылдын 2-сентябрында салыктык каттоого алынган. Катталган өлкө катары Гонконг көрсөтүлгөн.

📊 Учурда реестрде 28 өлкө жана юрисдикциядан 94 чет элдик компания жана уюм бар. Алар Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүп, 12% өлчөмүндө КНС төлөшөт. Бул төлөм коомчулукта «Google салыгы» деп аталат.

Бул тартип Кыргызстанда 2022-жылдан бери колдонулуп келет. Салык кызматынын ачык реестринде төлөнгөн салыктын суммасы эмес, кызмат көрсөтүүчүнүн аталышы, катталган өлкөсү жана салыктык эсепке коюлган күнү гана көрсөтүлөт.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 29, 2026🚕 Кыргызстанда таксисттер жана курьерлер эмгектик коргоодон тышкары калууда Кыргызстанда…
  2. Sep 29, 2026🤖 Кыргызстанда жасалма интеллекттин этикасы боюнча жаңы талаптар сунушталды Кыргызстанда…
  3. Sep 29, 2026🇰🇬 ВНЖ, каттоо жана чет элдиктерге иштөөгө уруксат берүү функциялары Эмгек министрлигине…
  4. Sep 29, 2026⚠️ Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жыл сайын 21 млн өспүрүм кыз кош бойлуу болот БУУнун Адам…
  5. Sep 29, 2026⛏️ Кыргызстанда көмүрдөн дизель майын өндүрүү сунушталды Монополияга каршы жөнгө салуу кыз…
  6. Sep 29, 2026🏢 Кыргызстандын түштүгүндөгү 3 шаарда студенттер үчүн жатаканалар курулат Ош, Манас жана…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →