🚕 Кыргызстанда таксисттер жана курьерлер эмгектик коргоодон тышкары калууда
Кыргызстанда такси, курьердик кызматтар жана маркетплейстерде 130 миңден ашык адам иштейт. Бирок алардын укуктук макамы азырынча так аныктала элек.
📊 Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, такси жана курьердик тармакта 110 миңге жакын жаран эмгектенет. Ал эми Wildberries жана Ozon платформаларында 30 миңге жакын сатуучу катталган, алардын 15 миңдейи активдүү иштейт.
Депутат Улукбек Карыбек уулу бул адамдарды жалданма кызматкер деп эсептөө да, ишкер катары кароо да кыйын экенин белгиледи. Анткени алар кызмат көрсөтүүнүн баасын өз алдынча аныкташпайт жана платформалардын алгоритмдерине көз каранды.
📌 Эмгек министрлиги бул маселени изилдеп жатат. Изилдөөнүн жыйынтыгында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жана бул тармакта иштегендерди каттоо жана көзөмөлдөө механизмин аныктоо сунушталат.
@kgosho Билип жаша!
Post #4806
14K