🏗️ Кыргызстанда кош курулушка уруксат берилиши мүмкүн
Кыргызстанда жеке компанияларга мамлекеттик экспертизанын корутундусун күтпөстөн курулуш иштерин баштоого уруксат берүү сунушталууда. Бирок анын бир шарты бар — курулган имараттын белгилүү бир бөлүгү мамлекетке акысыз өткөрүлүп берилиши керек.
📌 Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугуловдун айтымында, азыр мындай тартип мамлекет берген жердеги ички инвестордун долбооруна колдонулууда. Курулуш аяктагандан кийин компания мамлекетке 2 миң чарчы метр аянтты акысыз өткөрүп берет.
🏢 Журналист башка компаниялар да мамлекетке 2 миң чарчы метр өткөрүп берүүнү сунуштаса, ушундай уруксат ала алабы деп сураган. Министрдин орун басары «Эгер долбоорлор даяр болсо, уруксат беребиз» деп жооп берген.
⚠️ Параллелдүү курулуш — бардык уруксат документтери жана мамлекеттик экспертизанын корутундусу толук даяр боло электе курулушту баштап, документтерди кийин бүтүрүү дегенди билдирет.
@kgosho Билип жаша!
Post #4796
14.3K