🇷🇺🇰🇬 Августта Россия Кыргызстанга дизелдик отун жеткирүүнү 16 эсеге көбөйттү
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, август айында Россия Кыргызстанга 72 миң тоннадан ашык дизель отунун жеткирген. Июль айында бул көрсөткүч 4,4 миң тонна болгон. Ошентип, бир айда жеткирүү көлөмү 16 эсеге көбөйгөн.
⛽️ Жеткирүүнүн кескин өсүшү Россияда дизель отунун өндүрүшү калыбына келе баштаган учурга туш келген.
📊 Августта Россия Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголияга жалпысынан 370 миң тоннадан ашык дизель экспорттогон. Бул июль айына салыштырмалуу эки эседен көп.
🇰🇬 Кыргызстан менен Россия 2026-жылга 550 миң тонна дизель отунун жеткирүү боюнча индикативдик баланс макулдашкан. Августтагы көлөм жылдык көлөмдүн 13%дан ашыгына барабар.
ℹ️ Бирок Reuters келтирген маалыматтарды Кыргызстандын расмий август статистикасы менен азырынча түз салыштыруу мүмкүн эмес. Улуттук статистика комитети 25-сентябрга карата тышкы соода боюнча маалыматтарды январь–июль айларына чейин гана жарыялаган.
@kgosho Билип жаша!
Post #4786
9.65K