📚 Окуу китептеринин айланасындагы чыр: «Окуу китеби» жетекчиси ишкананын милдеттерин түшүндүрдү
«Окуу китеби» басмаканасынын негизги милдети — бар болгон окуу китептерин адаптациялоо жана жаңы китептерди нөлдөн баштап иштеп чыгуу. Бул тууралуу мекеменин директору Тологон Аматов билдирди.
📖 Ошондой эле басмакана окуу китептерин басмага чейинки даярдоону жүргүзөт. Жаңы китептер илимий, илимий-педагогикалык, дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизадан өтүп, андан кийин сыноодон өткөрүлөт.
⏳ Аматовдун айтымында, китепти иштеп чыгуу жана адаптациялоо бир жылга чейин, ал эми нөлдөн даярдалган окуу китептери 8 айдан 1,5 жылга чейин убакытты талап кылат.
📚 «Окуу китеби» ачылгандан бери 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар үчүн математика окуу китептерин чыгарган. Азыр 4 жана 9-класстар үчүн китептер даярдалып, экспертизадан өтүп жатат.
⚠️ Буга чейин ата-энелер 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу жаңы окуу китептери жетишсиз болуп жатканын айтып, айрым китептерди базардан өздөрү сатып алууга аргасыз экенин билдиришкен.
🔎 Министрлер кабинетинин төрагасы окуучуларга бекер берилүүгө тийиш болгон китептердин соода түйүндөрүнө кантип түшүп калганын аныктоо үчүн укук коргоо органдарына текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.
@kgosho Билип жаша!
Post #4781
14.4K