💰 Бизнеске бюджеттик кредиттер менен эски карыздарды жабууга тыюу салуу сунушталды
Кыргызстанда жеке компанияларга бюджеттик кредиттерди банктарга, эл аралык жана чет элдик уюмдарга болгон мурдагы карыздарын кайра каржылоого колдонууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
🏢 Чектөө мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишканаларга жана мекемелерге тиешелүү болбойт. Ошондой эле мамлекеттин уставдык капиталдагы үлүшү кеминде 50% болгон компанияларга өзгөчө шарт каралган.
📌 Каржы министрлиги мамлекеттик ишканалардын карыздарын кайра каржылоо бюджетке түшкөн жүктү азайтуу, стратегиялык уюмдардын банкрот болушуна жол бербөө жана жумуш орундарын сактоо үчүн зарыл экенин белгиледи.
🔹 Долбоорго ылайык, «Госфинхолдингге» бир катар жаңы ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда. Анын ичинде берилген кепилдиктер боюнча тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу жана мамлекеттик каржы уюмдарындагы акцияларды башкаруу мүмкүнчүлүгү бар.
💡 Министрликтин маалыматы боюнча, өзгөртүүлөр мекеме менен «Госфинхолдингдин» функцияларынын кайталанышын азайтып, мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоорду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгым талап кылбайт.
@kgosho Билип жаша!
Post #4771
16.2K