TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.1K subscribers
Post #4773 14K
🗳️ БШК президенттик шайлоонун каржылоо эрежелерин бекитти



Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) президенттикке талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитти.

📌 Жаңы жобо президенттикке талапкерлигин коюуну чечкен жарандар жана талапкер көрсөткөн саясий партиялар үчүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин аныктайт.

💰 Талапкер шайлоо фондун түзүп, атайын банктык эсеп ачып, анын каражатынын эсебинен шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.

🔎 Документте фондго түшө турган каражаттардын булактары жана чектелген өлчөмдөрү, төлөмдөрдү жүргүзүү жана демөөрчүлөрдү аныктоо тартиби да белгиленген.

📊 БШК каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт. Ал эми талапкерлер каржылык отчет берүүгө милдеттүү.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 27, 2026🇰🇬🇷🇺 Кыргызстандын аскерлери Россиядагы ЖККУнун машыгууларына катышууда Беларусь, Каза…
  2. Sep 27, 2026📚 Кыргызстанда мектеп окуу китептерин чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүндү Президент Садыр Жапа…
  3. Sep 26, 2026🇷🇺🇰🇬 Августта Россия Кыргызстанга дизелдик отун жеткирүүнү 16 эсеге көбөйттү Reuters а…
  4. Sep 26, 2026🇺🇿💳 Өзбекстанда санариптик сум 2029-жылга чейин ишке кириши мүмкүн Өзбекстандын Борборд…
  5. Sep 26, 2026🗳️ Садыр Жапаров талапкерлерди үгүттөгөн чиновниктерди кызматтан бошотууну тапшырды Прези…
  6. Sep 25, 2026🚀🇰🇬 Кыргызстан космоско чыгууда: өлкөнүн алгачкы спутниги тааныштырылды Кыргызстандын а…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →